2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн сом өлчөмүндө бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 млн сом топтолду

12-02-2018 12:02

2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн сом өлчөмүндө бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 млн сом топтолду. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу, бажы төгүмү 5 эсе өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

«Бажы тармагындагы бажы алымдары жаатында кескин өсүштөр болууда. Дагы резервдер бар экенине толук ишеним бар», - дейт Бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев.

Мындай жакшы жөрөлгөлөргө маани берүү зарылдыгын белгилеген депутат Сайдулла Нышанов буга чейин ал каражаттын бюджетке түшпөй келгени үчүн кимдир бирөөлөр жооп бериши керек экенин белгиледи. «Айырма өтө чоӊ болуп жатат. Элдин акчасы желип келген да. Айрым адамдар 1000 доллар үчүн 10 жыл түрмөгө кесилүүдө. Ошондуктан, алардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Ал эми азыркы жетекчилердин аракетин баалашыбыз керек», - дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 594

Окшош жаңылыктар