ЖАҢЫЛЫКТАР 12.02.18

12-02-2018 09:46

Төрага Дастанбек Жумабеков, - “Бүгүнкү күндө түзүлгөн криминалдык кырдаал, өлкөдөгү кылмыштуулуктун туруктуу деңгээли, укук коргоо органдарындагы кадрдык башаламандыктар, айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында чоӊ талкуу жараткан мыйзамсыз аракеттери, ар кандай деструктивдүү күчтөр менен байланышкан фактылары укук коргоо, сот органдарынын тутумун реформалоо өз максатына али да жетпей жаткандыгын айгинелейт", – деди “Ала-Арча-1” Мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Кеңеш мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндөгү” маселелерин КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде өткөн аптада талкуулашкан эле.  

“Кыргыз Республикасы Орто Азияда биринчилердин болуп “Ачык Өкмөт” демилгесин көтөрүп чыкты. Бул – аталган чөлкөмдөгү эл аралык деңгээлдеги жаңычылдык. Албетте, мындай кадам жасаган КР Өкмөтүнүн жакшы демилгеси менен депутат Руслан Казакбаев куттуктады.

                                 СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Бүгүн, 12 – февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да экинчи окууда талкууга чыгат.  Депутат Д.Бекешев демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да тармактык комитеттин кароосунда турат. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобу жөнүндөгү маселе дагы талкуу ордосуна коюлат.

Депутат Дастан Бекешев электр кубатына болгон тарифтер боюнча дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө кандай тажрыйбалар колдонуларын иликтеп чыкканын ортого салды. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдө дифференциялаштырылган (өзгөрүлмө) тарифтер колдонулат. “Бизде дагы кыш мезгилинде түнкүсүн арзаныраак, күндүзү кадимкидей тарифти киргизүүнү караштырууну сунуш кылам. Муну менен экологиялык, экономикалык жактан да пайдалуу болуп, калкка дагы жардам болот эле”,- дейт эл өкүлү.

                               СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Мирлан Бакиров майып балдарды окутуучу мамлекеттик 2-3 мектеп менен 5-6 бала бакча гана бар экендигин белгилеп, майып балдар үчүн жеке мектептерде бир күндүк окутуунун баасы 350 сом болуп жаткандыгын да маалымдады.

                              СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Бакыт Төрөбаев Казакстан менен Өзбекстандын каттоосуз өткөн товарлары жайнап кеткенин, атаандаштык жоктугун айтты. Ошондой эле ал, - мындай шартта ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн атаандаштыкка жол ачуу керек, -дейт.

                               СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Айрым жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын укуктары корголбой келет. Үй куруучу компаниялар тиешелүү документтерин бүтүрүп бербегендиктен, тургундар бүгүнкү күнгө чейин каттоого тура албай келишет. Анын айынан бир катар социалдык кызматтардан пайдаланууда кыйынчылыктар жаралууда. Бул тууралуу маселеге депутат Марат Аманкулов кайрылды.

                             СНХ.М.АМАНКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                        ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чецин жетет. Абанын температурасы Чүй, Баткен: 5...10, Талас: 3...8, Ош, Жалал-Абад: 6...11, Ысык-Көл 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -4...-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 8...10 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 40

Окшош жаңылыктар