“Жай олтуруп баарлашуу” долбоорунда энергетика тармагына тиешелүү маселелер талкууланды

02-02-2018 14:56

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Дастан Бекешев жана Кожобек Рыспаев “Жай олтуруп баарлашуу” долбоорунун алкагында журналисттер менен жолугуп, энергетика тармагына тиешелүү маселелер боюнча баарлашты.

Эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги акыркы авариялык кырдаалды калыбына келтирүү жана энергетикалык тариф саясатына байланышкан көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүп, журналисттер кызыккан суроолорго жооп беришти. Ошондой эле жолугушууда тармактын ишин реформалоо аркылуу элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыздоого болору айтылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

  

Көрүүлөрдүн саны : 2663

Окшош жаңылыктар