ЖАҢЫЛЫКТАР 02.02.18

02-02-2018 08:58

Бүгүн, 2 - февралда КСДП фракциясы кезектеги жыйынында  Кыргыз Республикасында эмгек рыногу жана калкты иш менен камсыз кылуу, Ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелерин карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.Султанбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат беришмекчи. Ошондой эле Кыргыз Республикасында менчикти камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөгү суроого да аталган фракциянын олтурумунда көңүл бурулат.

“Региондорду өнүктүрүү” жылында турак – жайлары үчүн “кызыл китеп” алуучуларга жеңилдиктерди берүү керек. Антпесе, бүгүнкү күндө үйлөрүн камсыздайын деген жарандардын бир тобунда үйлөрүнүн “кызыл китептери” жок болуп чыкты.  Аталган документ түрүн алууда бир топ каражат талап кылынат экен. Бул жагынан маселени карап көрүш керек, - деген депутат Рада Туманбаева болду.

                          СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Социологиялык иликтөөлөрдүн жардамы менен сот системасына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы  кандай көрсөткүчтөрдү берет? Азыр көз карандысыз соттор жок, -деген пикирди жарандардын канча пайызы карманат? Бул жагдайларга кайрылган “Республика –Ата - Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаевдин маалыматтары:

                         СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Көз карандысыз эксперт Чолпон Жакупова, - “Сот системасына болгон донор уюмдардын колдоосу, республикалык бюджеттин каражаты жылдан – жылга жакшырып жатат. Тренингдердин саны көбөйүп, бирок чыгарган сот чечимдеринин сапатында өзгөрүү жок. Ошондуктан ЖК кеңири парламенттик угуу өткөрүшү керек”, -деп сунуштоодо.

                         СНХ.Ч.ЖАКУПОВА

Депутат Махабат Мавлянова, - “Борбордук шаар үчүн майда – барат жер төлөөлөр сыяктуу участокторду ремонттоого каражат кетиргендин ордуна, курулуштардын деталдык пландоо долбоорлоруна олуттуу көңүл бурулса жакшы болмок, - деген пикирин парламенттик радиого курган маегинде билдирди.

                         СНХ.М.МАВЛЯНОВА

"Бишкек Башкы Архитектура" муниципиалдык ишканасынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысы Замира Кангелдиеванын айтымында,  имараттарды долбоорлоо ишинде “Бирдиктүү терезе” ыкмасы колдонулат. Бул иштин так аткарылышына жол ачып, ачык – айкындуулукту камсыздайт. Ошондой эле ал деталдуу пландоо долбоорусуз азыр бир дагы курулушка уруксаат берилбестигин да билдирди.

                        СНХ.З.КАНГЕЛДИЕВА

Экотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Бейшен Жанбоев курулуш материалдарынан тартып, курулган имараттын сапатына чейинки көзөмөлдөнө турган талаптар боюнча түшүндүрмө берди. Адистин айтымында, азыр колдонулуп жаткан пенопласттын 8 түрү пайдаланылып жатат.

                       СНХ.Б.ЖАНБОЕВ

Нарын областынын климаттык шарты катаал. Анда кыш дээрлик 6 айга созулат. Кыштын мындай ызаарын андагы жергиликтүү эл кыйналып – кысталып болсо да жеңгенге аракет кылышат. Бул жагдайга кайрылган депутат Жылдыз Мусабекова сууктун каарын эми түшүнгөн өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, Нарын облусундагы электр энергиясына болгон 1000 кВаттык жеңилдикти 2000 кВатка чейин жогорулатууга чакырды.

                      СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                               ТАСМА

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 3...8, Ысык-Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -6...-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 6...8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 191

Окшош жаңылыктар