Депутат Кенжебек Бокоев: “Соттордун чечимдери толугу менен сайтка ачык жарыяланышы керек”

01-02-2018 17:52

Соттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштарылышы керек. Бирок, айыпталып жаткан тараптын аты – жөнү ал жерде толук көрсөтүлбөйт. Себеби, бул адам укуктарына тиешелүү болгон суроо, - дейт ЖК депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн, 1-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Андан тышкары депутат, - “Ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем, - деген тил кат жазып берүүгө тийиш. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот”, - деген мисалдарды келтирди. 

Ошондой эле депутат биринчи инстанцияда турган райондук сотторду мүмкүн элдердин тандоосуна коюп шайласак бул дагы элдин сотторго деген инеиимин бекемдей алат беле? – деген жеке пикирин да кошумчалады.

Сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселеге бир гана депутаттар эле эмес, жалпы коомчулук дагы жакындан баам салып, сунуштарын айтсын деген максатта “Республика – Ата - Журт” фракциясы парламенттик угуу өткөрүүнү максат кылууда. Иш чара Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулат, - дейт парламентарий.

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 557

Окшош жаңылыктар