Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жылдык жайкы сессиясына катышты

07-07-2016 12:02

Ата-Мекен»  фракциясынын лидери Ө. Текебаев жетектеген жана курамына СДПК фракциясынын лидери И. Өмүркулов, Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Б. Төрөбаев жана “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Р. Туманбаева кирген Жогорку Кеңештин  делегациясы Грузиянын борбору Тбилисиде өтүп жаткан ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жылдык жайкы сессиясына катышуу алкагында Ассамблея Президенти И. Канерва (Финляндия Парламенти)  менен жолугушуу өткөрдү. Президент И. Канерва Ө.Текебаевди делегация башчысынын кызмат ордуна дайындалгандыгы менен куттуктады жана Ассамблеянын жаңыдан шайланган мүчөлөрүнө ийгилик каалады.

Ошондой эле И. Канерва ЕККУ ПА – 2018 күзгү сессиясын Кыргызстанда өткөрүү бул өлкө үчүн эле эмес, бүтүндөй чөлкөм үчүн маанилүү экендигин белгиледи жана ушундай масштабдуу иш-чараны өзүндө өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

 Ассамблеянын Президенти Кыргызстандагы наркотрафик жагындагы кырдаалга жана баңги заттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча өлкөнүн укук коргоо органдары көрүп жаткан чараларга кызыкты. Андан сырткары, делегация башчысынын орун басары И. Өмүркулов уюмдун ишинде саясий маселелер жана адам укуктары менен бирге, экономикалык багыттагы ши-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

ЕККУ ПА – 2018 күзгү сессиясын уюштуруу маселелерин талкуулоо үчүн кыргыз делегациясы ЕККУ ПА-нын Эл аралык катчылыгынын Уюштуруу комитети менен консультацияларды жүргүздү. Бул комитеттин өкүлдөрү ЕККУ ПА – 2018 күзгү сессиясы өткөрүлө турган жана анын катышуучулары жайгаша турган  жерлерге баа берүү үчүн 2017-жылы күзүндө Кыргызстанга келе турган болду.