ЖАҢЫЛЫКТАР 01.02.18

01-02-2018 09:19

Бүгүн, 1-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңеш күн тартибин тактаган соң,Ар кандай маселелер” саатына орун берет. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат.  “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине” кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр да экинчи окууга чыгарылат. “Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маселе да бул жолку жыйындын талкуу ордосунда болмокчу.

Жогорку Кеӊеш кечээки жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду.  Жыйынга Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Депутат Каныбек Иманалиев энергетика тармагында жылытуу системасындагы суунун химиялык курамдарына кайрылып, ошол стандрт талаптарын сактоо зарылдыгын айтып, тилекке каршы ошол норманы билген 3-4 гана адис бар экендигин мисалга келтирди.

                         СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Талкууда депутат Исхак Масалиев Премьер-министрге кайрылып, аварияга байланыштуу кимдер өз каалоосу менен отставкага кетүү жөнүндө арыз менен кайрылганына кызыкты.

                          СНХ.И.МАСАЛИЕВ

КР Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет 2-окууда жактырып берген эле. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо тартиптери такталууда. Бул тууралуу БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов буларды баяндады.

                           СНХ.А.БЕГМАТОВ

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулоодо депутат Айнуру Алтыбаева, - “Кээ бир мыйзамдарда карама – каршылыктардын орун алып калган жерлери бар. Ошолорду тактап инвентаризация жүргүзүү керек”, - дейт.  

                           СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун үлүш ээлеринин көйгөйлөрүнө кайрылып, тиешелүү тараптардын маалыматтарын уккан. Талкууда депутат Рыскелди Момбеков курулуш компаниялары уруксаат алууда жең ичинен бүтүргөн бир топ бүдөмүк иштер бар экендигин айтып, тараптардын байланыштары жемкордуктун желесине чырмалышкандыгын билдирди.

                           СНХ.Р.МОМБЕКОВ

“Ар бир курулуш компаниясы баштаган көп кабаттуу үйлөрүн толугу менен аягына чыгарышы керек. Ал үчүн алардын ошого жете турган капиталы болууга тийиш. 3 жылдан 5 жылга чейинки курулуш тармагында тажрыйбасы бар болгон компаниялар гана курулушту баштаса элге дагы ишенимдүү болмок. Куру дегенде алардын 10 миңден 20 миң чарчы метрге чейинки курулушту жүргүзгөндүгүн тастыктоочу иш кагаздары, иш мисалдары талап кылынса  бул дагы рынок шартындагы ишенимди актамак”, -дейт М.Мавлянова.

                           СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев ордо калаадагы курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдүн пайдаланууга берилбей жаткандары бар. Себептерин тактап көрүшүбүз керек, -дейт тармактык комитеттин жыйынында.

                           СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүндөгү 127 - үй курулуп, анда жарым – жартылай жашоочулар гана жашап жатпаса, көпчүлүгү туугандарынын үйлөрүнө кетип калышкан. Себеби, коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөр кымбат. Бул тууралуу ошол үйдүн жашоочулары кабарлашты.

                            СНХ. АЛАМАНОВА

Көп кабаттуу үйлөрдүн заманбап үлгүсү ордо калаанын борборунда эле эмес, чет жакасындагы райондордо да курулуп жатканы жакшы. Бирок, шылуундардын шылдыңына кабылган жабырлануучулар бул тууралуу мисалды Аламедин айылындагы жагдай менен байланыштырышты.

                            СНХ. АЛЫБАЕВА

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, жашоочулардын кайрылуулары боюнча курулуш ишканаларына бардыгы болуп 27 кылмыш иши козголгон. Анын 7си сотко өткөрүлгөн.

                           СНХ.К.АСАНОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-февралда кээ бир тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй, Талас: -1...+4, Ысык-Көл -4...+1 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -6...-11 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 1-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 2...4 градус жылуу болот

Көрүүлөрдүн саны : 190

Окшош жаңылыктар