Жогорку Кеӊеш Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча токтомду негиз катары кабыл алды

31-01-2018 18:33

Жогорку Кеӊештин Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышуусунда өткөн кезектеги жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланды.

Талкуу жыйынтыгында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому негиз катары кабыл алды. Ошондой эле, Өкмөткө тезинен авариянын себептерин аныктоо жана анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, ага юридикалык баа берүү, айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Андан тышкары, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ал депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети да кечээ Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, депутаттар тобу түзүлгөн абал менен жеринен таанышуу менен, мамлекеттик органдарга мында түзүлгөн кырдаалды калыбына келтирүү боюнч бир катар тапшырмаларды берген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1559

Окшош жаңылыктар