ЖАҢЫЛЫКТАР 31.01.18

31-01-2018 09:19

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 31-январда өтө турган жыйынынын күн тартибине депутаттар тобунун демилгеси боюнча Бишкек ЖЭБдеги авария маселеси кошумчаланат. Аталган жылуулук борборун реконструкциялоого сарпталган 386 млн доллар көлөмүндөгү насыя каражаттын чыгымдалышы да текшерилет. Бул тема Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кечээки жыйынында да көтөрүлгөн болчу.  Бишкек ЖЭБдеги аварияны чоӊ кыйроо катары сыпаттаган депутат Исхак Масалиев анын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүп, курамына коомчулук өкүлдөрү менен чет өлкөлүк адистерди тартуу зарылдыгын белгиледи.

                             СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого жумшалган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражаттын жумшалышына аудит жүргүзүү жана ага саясий баа берүү керектигин депутат Алтынай Өмүрбекова кошумчалады.

                            СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Бүгүн, 31-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү да карап, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү болгон түзөтүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзымдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууда талкууланмакчы. “Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнүн абалынын айрым өңүттөрү жөнүндө, “жашыл экономика” принциптерин өздөштүрүүнүн келечектери жана “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” беделин жылдыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору  да күн тартибинде турат. Аны депутат Э.Байбакпаев баштаган парламентарийлер тобу демилгелешүүдө.

Кыргызстан жашыл экономикага багыт алып, органикалык айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу менен дүйнөлүк рынокто өз ордун таба алат. Бул тууралуу пикир айткан депутат Асылбек Жээнбеков, - “Жерди которуштуруп айдоо жана органикалык жер семирткичтер менен жердин асылдуулугун сактап калууга болот. Андыктан, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул багыттагы ишканаларды ачууну максат кылган ишкерлерди колдошу керек”,- дейт.

                            СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет ушул 2018-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшүн караган эле. Талкууда  депутат Мирлан Бакиров, -  Германия сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде пайдаланылган айыл чарба техникалары толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, базар баасынан 30-40% арзан сатылып жатканын маалымдап, “Айылбанк” дыйкандарга мындай колдонулган техникаларды насыяга берүү жагын иштеп чыкса”,-  деп сунуштады.

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Коом өзгөрүп жатканда таза жана сапаттуу тамактануунун маданияты да улам жаңыланууда. Бул жагына олуттуу маани берилиши керек, - деген депутат Сайдулла Нышанов, - “Айрым коомдук тамактануучу жайлардын ээлери өздөрү жөнөкөй эле салаттардын жуулбай даярдалышы мүмкүн, -деп кооптонуп жаткандыгын мисалга келтирип, ошол тармактын ээлери өздөрү чоочулап жатышса, калган сыртта турган кардарлар терең ойлонушу мүмкүн” , - дейт.

                          СНХ.С.НЫШАНОВ

ЕАЭБдин аймагына өз продукцияларын экспорттоп жаткан ишканалардын катарында сүт өндүрүүчү компаниялардын дагы 15и бар. Эт азыктарын да эскпорттоп жаткан ишканаларыбыздын жаңы 5 өкүлчүлүгү да катталды. Бул тууралуу кеңири маалымат берген Ветеринария жана фитосанитардык көзөмөл мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов ошондой эле угармандардын мал жандыктарын идентификациялоо боюнча суроолоруна да жооп берди.

                        СНХ.К.ЖУМАКАНОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.  Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Талас: -4...-9, Ысык-Көл: 0...-5, Нарын: -7...-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -2...-4 градус суук болот.
 



 

Көрүүлөрдүн саны : 99

Окшош жаңылыктар