16-февралда бизнес жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерине тиешелүү долбоорлор талкууланат

16-02-2018 08:56

Эртең, 16-февраль саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдө боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт.

Иш-чара аталган мыйзамды ишке ашыруунун абалы менен өлкөдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечегин талкуулоого арналган.

Жыйында экономика министри Артем Новиков мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу механизмдери тууралуу маалымат берсе, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө айтып берет.  

Ал эми КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруудагы бизнес коомчулуктун максаты жана келечеги тууралуу баяндама жасайт.

Иш-чарага катышуу үчүн аккредиттелбеген ЖМК өкүлдөрү 63-92-00 телефон номурлары аркылуу катталууңуздарды өтүнөбүз.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 8889

Окшош жаңылыктар