ЖАҢЫЛЫКТАР 30.01.18

30-01-2018 09:03

Бүгүн, 30-январда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев кечээ, 29-январда Төрага Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Эске сала кетсек, өткөн дем алыш күндөрү Бишкек ЖЭБинде болгон авариялык абалдан улам, бардык тиешелүү мекемелер жана кызматтар тарабынан кырдаалды жөнгө салуу аракети көрүлгөн. Бирок, жылуулук борборун толук кубаттуулукта иштетүүгө жасалган чараларга карабай, стратегиялык объектте дагы бир авариялык кырдаал жаралганы белгилүү болду.

Бүгүн, 30-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көп кабаттуу турак үйлөр курулушунун үлүш ээлеринин көйгөйлөрү тууралуу маселе каралат. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. Анын негизинде «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине кошумчалана турган түзөтүүлөр бар.  

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүөрүү комитетинин кечээки жыйынында жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү каралды. Бул багыттагы баяндама менен КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев тааныштырды.

Депутат Руслан Казакбаев Өкмөт курамындагы, минисрликтердеги тез – тез кадрдык алмашуулар адатка айланбаса, - дейт. Кайра –кайра алмашуулардын кандай кесепеттерге алып келерин терең ойлонуп, туура чечим чыгарбаса, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө кедергисин тийгизип калышы да мүмкүн. Коопсуздук жаатына да залакасы тийбегендей болуш керек, - деди эл өкүлү кадрдык саясат тууралуу өз пикирин ортого салып.

                                 СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ  

Статс-катчылар ошол өзү иштеген тармакта кадр маселесине түздөн –түз жооп бере турган өкүл. Ошондуктан, алар универсалдуу кадр менеджери болууга тийиш. Ишинде жаңычылдыгы менен айырмалангандарды кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу курстарына жөнөтүү, кызматтык тепкичтерин өйдөлөтүү сыяктуу иштердин бардыгына дал ушул статс –катчылар жооп беришет, - дейт КР мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                                 СНХ.Б.САГЫНБАЕВ

“Бала бакчалар мамлекеттик- жеке өнөктөштүк мыйзамына ылайык курулса жакшы болмок. Бул тууралуу Өкмөткө канча ирет кайрылсам да, эмдигиче жооп жок”,- дейт депутат А.Өмүрбекова. Ошондой эле ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы бала бакчаны курууга деп каралган каражаттын бир топ бөлүгү берилсе да курулуш азыркыга чейин создуктурулулуп жаткандыгын сынга алды.

                                 СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Кубанычбек Нурматов болсо мамлекеттин эсебине кайтарылган балдар бакчаларынын учурдагы абалына кызыгып, айыл жерлериндеги бала бакчага балдарын берүүдөгү төлөмдөрдүн акысы кымбат болуп жаткандыгын айтты. Бул айрыкча, айлык маяналары аз жарандар үчүн бир топ кыйынга турат, - дейт эл өкүлү.

                                  СНХ.К.НУРМАТОВ  

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                          ТАСМА

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, кээ бир тоолуу райондордо 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: -4...-9, Талас, Нарын: -5...-10, Ысык-Көл:-2...-7 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -5...-7 градус суук болот.

 


 

Көрүүлөрдүн саны : 254

Окшош жаңылыктар