ЖАҢЫЛЫКТАР 29.01.18

29-01-2018 09:12

Бүгүн, 29-январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга да өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал экинчи окууда каралат. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоору талкууга чыгат.

“Чыңгыз Айтматов” орденин уюштуруу демилгеленүүдө. Бул идея депутатттар Иса Өмүркулов менен Аида Касымалиева баштаган КСДП фракциясынын сегиз депутатына жана “Ата-Мекен” фракциясынан бир катар эл өкүлдөрүнө таандык. Эске салсак, буга чейин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмиль Токтошев жана “Бир Бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиевдер “Чыңгыз Айтматов” медалын уюштурууну демилгелеп чыгышкан. Бирок, жазуучунун маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство тармагындагы жасаган зор эмгегин, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы руханий байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен КСДП жана “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары сыйлыктын статусун жогорулатып, орден уюштуруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тыянагына келишкен.  

“Республика – Ата – Журт” фракциясы жакындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселени караган эле. Талкууда депутат Кенжебек Бокоев өлкөнүн Башкы прокуратурасы өз актуалдуулугун жоготкондугун айтып, ал системаны жоюуну сунуштады. Эгер мыйзамдын аткарылышына көзөмөлдүк кылсын десек, анда ал мидетти юстиция министрлиги деле атакара берет, - дейт эл өкүлү.

                              СНХ.К.БОКОЕВ

Кыргызстан суу башында турса да, таза суу, энергетикалык маселеде жасалган жумуштар майнаптуу болбой жаткандыгын айткан депутат Жанар Акаев, - "Өзүбүздүн ичүүчү сууга болгон муктаждык толук чечилбей келет. Бул албетте, абдан кейиштүү. Өкмөт өтө муктаж айылдарды аныктап, бардык фонддордун башын бириктирип, иш алып барса туура болмок. Энергетикалык даражабыз да лидерликке чыга албай жатат", - дейт парламентте өткөн таза суу боюнча өкмөттүк саатта.

                             СНХ.Ж.АКАЕВ

“Кандай гана мамлекеттик кызматтын бутагын албайлы, бардык жерде кадрлардын тең салмактуулугу сакталышы керек.  Ошондо гана жаш муун улуу муундун тажрыйбаларын үйрөнүп, ал эми улуу муун жаштардын жаңычыл кадамдарына баам салып турушмак”, - дейт ЖК депутаты, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Мамлекеттик - административдик жана муниципиалдык – административдик кызматкерлер арасындагы кадрдык алмашуулар дүйнөлүк тажрыйбада 7-8%дан 10%га чейин көрсөткүчтү түзсө, бул абал бизде деле ошондой. Мамлекеттик кызматка келгендер ачык сынактын жыйынтыгы боюнча ишке алынат, - дейт Мамлекеттик кадр кызматынын статс –катчысы Бакытбек Сагынбаев.

                             СНХ.Б.САГЫНБАЕВ

“КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун депутаттар А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев демилгелешүүдө. Алардын бири Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору гидерометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жеке жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан.

                             СНХ.М.БАКИРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас: -11...-16, Ош, Жалал-Абад, Баткен: -1...-6, Ысык-Көл:-3...-8, Нарын: -9...-14 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -13...-15 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 224

Окшош жаңылыктар