ЖАҢЫЛЫКТАР 26.01.18.

26-01-2018 09:05

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңеш депутаттары кечээ, 25-январда Кыргыз эл акыны, белгилүү коомдук-саясий ишмер Эгемберди Эрматовду эскерүү иш-чарасына катышты. Акындын адабияттагы орду жана артында калтырган руханий бай мурасы тууралуу кеп салган Төрага Дастанбек Жумабеков: “Маркум агабыз бүткүл өмүрүн кыргыз руханий казынасын байытууга арнап, керемет чыгармалары менен адабиятыбыздын алпына айлана алды. Акын, драматург, котормочу жана журналист катары баарыбызды мекенчилдикке, адамдык асыл сапаттарды аздектөөгө чакырган чыгармаларды жаратып, эне тилибиз – кыргыз тили үчүн опол тоодой эмгек жасады”, – деди. Ошондой эле, 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат катары шайланып келип, журт көйгөйүн көп көтөргөн көсөм эл өкүлү катары да тааныла алганына токтолгон Дастанбек Жумабеков: “Ошол учурдагы оор кырдаалга карабай, дайыма эл тарабында болуп, парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүзгө керектүү демилгелердин башында турду. Айрыкча мен анын талыкпай изденүүчүлүк касиетине, адамдык бийик сапатына жана атагын татыктуу көтөрө алган жөнөкөйлүгүнө көп күбө болдум”, – деп кошумчалады.

Бүгүн, 26-январдагы жыйынында “Республика – Ата – Журт” фракциясы Кыргыз Республикасынын сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселени карайт. Бул багытта  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун төрайымы  Айнаш Токбаева маалымат берет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы – Манасбек Арабаев  да кошумча баяндама жасайт.

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата -Журт” фракцисынын лидери Өмүрбек Бабанов өз мандатын ыктыярдуу түрдө тапшырып бергенден кийин, анын ордуна жаңы депутат болуп келген Абдыбек Дүйшалиев парламенттин кечээки жыйынында салтанаттуу түрдө ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүн расмий аткарууга киришти.

                                  СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

Жогорку Кеңеш кечээки олтурумунда калкты таза суу менен камсыз кылуу темасында өкмөттүк саат өткөрдү. Бул багыттагы талкууда депутат Дастан Бекешев шаар ичиндеги таза суу унаа жуучу жайларда ыгы жок колдонулуп жаткандыгын иретке салуу талабын койду.

                                  СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Карамат Орозова болсо алыскы Самаркандек айылындагы суунун тартыштыгы аликүнгө чейин чечилбеген көйгөй экендигин айтып, адистердин бул багыттагы аракети кандай болуп жаткандыгын сурады.

                                СНХ.К.ОРОЗОВА

Кычыраган сууктун күнү аномалиялык циклондун күчү сезилет деген алдын ала билдирүүлөр айтылып жатканда мектептеги жаш балдарды жок дегенде бир жума же он күнгө каникул берип турбайлыбы? – деген сунушту парламенттин кечээки жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Улан Примов айтып чыгышты.

                                 СНХ.К.ЖОЛДОШБАЕВ

                                 СНХ.У.ПРИМОВ

КР Билим берүү жана илим министрлиги болжолдонуп жаткан катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотула тургандыгы боюнча буйрук чыгаргандыгы белгилүү болду. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов тармактык комитет сууктун күчөшүнө байланыштуу республика аймагындагы мектептердеги окуу процессин 2018-жылдын 4-февралына чейин токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыгын маалымдады. Эскерте кетсек, буга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү 30 градуска чейин жетерин белгилешкен.

Бишкек шаарында кээ бир мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен окушат. Мындай шартта айрымдары таң атпай жерге жарык түшө электе жолго чыгышса, кээ бирлери караңгыда тарап, үйлөрүнө жетүү бир топ кыйын. Ошондуктан, кур дегенде ушул ордо калаадагы мектептерди автобус менен камсыз кылуу зарыл. Мындай сунушту буга чейин да  бир канча ирет көтөрүп келген депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында ошол эле оюн дагы бир ирет кайталап, Өкмөттүн эсине салды.

                                   СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА  

Эми чет элдик жаңылыктар менен топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                              ТАСМА

                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26-январда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Талас: -10...-15, Ысык-Көл: -1...-6, Нарын: -15...-20 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 0...5 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 26 – январда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -13...-15 градус суук болот.


 

 

Көрүүлөрдүн саны : 90

Окшош жаңылыктар