ЖАҢЫЛЫКТАР 25.01.18.

25-01-2018 08:37

Бүгүн, 25-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш алгач “Ар кандай маселелер” саатына орун берет. Андан соң “Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы П№156-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу өкмөттүк саат өткөрүлөт. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору менен катар эле  “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралат.

Жогорку Кеңештин кечээки, 24-январдагы жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору адистешкен товардык кампанын ээси тарабынан берилүүчү кампа күбөлүктөрүн колдонуу аркылуу кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Рынок экономикасына өткөнү ишкана, уюмдардын бир тобу кайра түзүлүп, же таптакыр эле ишин токтотуп таркап кетти. Андагы кызматкерлердин азыр пенсия курагына келип калгандары иштегендигин тастыктоочу маалымкаттарды ала албай, кыйла убарагерчилик тартышууда. Турмуштун мындай көрүнүшүнөн улам 1996-жылга чейинки эмгек акысы жана камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалыматтарды жыйноо жагдайларын жеңилдетүү чарасын сунуштаган мыйзам долбоору даярдалып, аны Жогорку Кеңеш биринчи окууда колдоп берди. Бул багыттагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун депутат Аалы Карашев демилгелөөдө. “Жаңы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, пенсия чегерүүчү мекемелер керектүү документтерди тиешелүү жерлерден атайын тартиптин негизинде өздөрү суратып алышы керек. Тагыраагы, пенсия курагына алты ай калганда эле жарандарыбыз паспортун, эмгек китепчесин жана катары менен 60 айдагы эмгек акысы тууралуу маалыматкатты гана берүүгө милдеттүү. Ал эми башка керектүү маалыматтарды алуу пенсия чегерүүчү мекеменин иши болушу шарт”, - дейт демилгечи эл өкүлү.

                           СНХ.А.КАРАШЕВ

Эгерде ар бир ишкана, мекеме – уюмдар социалдык төгүмдөр тууралуу отчетторду жылына кечиктирбестен убагында тапшырып турганда пенсияга чыгуучу жарандардын убарагерчилиги азаймак эле. Бул тартип системалуу болуш керек. Ага ар бир ишкана, уюмдардын эсеп-кысап жүргүзүүчү (бухгалтерия) бөлүмдөрү жооп берет, - дейт ошол эле уктурууга катышкан КР Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров. Ошондой эле ал, -“Эмгек стажысына карап пенсияга чыгуучу эркектер үчүн 25 жылдык үзгүлтүктүз иштеген жеринен тастыкмалар талап кылынат. Ал эми аял кишилерге 20 жылдык иши үчүн маалыматкат жетиштүү”, - дейт.

                           СНХ.Т.АБЖАПАРОВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндөгү Премьер-министрдин отчёту тууралуу” тармактык комитеттин токтомунун аткарылышын карады. Бул багытта маалымат берген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.Султанбекованан  айтылганда, Сауд өнүктүрүү фондусунун каржылоосу боюнча 27 мектептин курулушу такталып, тизмеси аныкталган. Алардын катарында Бишкек шаарына тиешелүү болгон 3 объект бар. Алар №5 жана №61 мектептерге кошумча 575 орундуу корпустар курулат. Арча-Бешик жаңы конушуна дагы 500 орундуу мектептин курулушу пландалган.                                  

                          СНХ.Ч.СУЛТАНБЕКОВА

Депутаттар Аида Касымалиева менен Айнура Осмонова жөлөкпулдар боюнча суроолорун узатып, сүйүнчүпулдарды төлөөнүн кечеңдеп жаткандыгынын себептерин такташты Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова болсо, - "Сүйүнчүпул төлөө тартиби төрөт үйүнөн башталыш керек", - деп белгиледи.

                         СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Эл аралык аренага алып чыккан спортсмендерибиздин жетишкендиктерине эле курсант болуп жүрө бербей,  ири спорттук иш чараларды өткөрүүдө да жүзүбүз жарык болушу керек. Бул үчүн кеминде 5 миң орунга эсептелген спорт ордобуз болууга тийиш, - деген пикирди депутат Тазабек Икрамов айтып, ошол эле маалда спорттук медицина үчүн даярдалып жаткан адистердин кесипкөйлүгүнө да кызыкты.

                         СНХ.Т.ИКРАМОВ

Депутаттын койгон суроолоруна жооп берген КР Өкмөтүнө караштуу Жаштардын иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун билдиришинче, азыркы Дене тарбия академиясына катарлаш жерде 10 миң орундуу спорт ордосу курулат.

                        СНХ.К.АМАНКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                  ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25-январда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы  Чүй: -7...-12, Талас: -4...-9, Ысык-Көл:0...-5, Нарын: -13...-18 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 25-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -8...-10 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 279

Окшош жаңылыктар