ЖАҢЫЛЫКТАР 24.01.18.

24-01-2018 09:21

Бүгүн, 24-январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт. Ошондой эле Өкмөт тарабынан демилгенип жаткан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да экинчи окууда талкууланат. “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндөгү” мыйзам долбоору дагы экинчи окууга чыгарылат.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кечээки жыйынында Кыргызстандын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Самаргүл Адамкулованы дайындоого макулдугун берди. Анын талапкерлигин депутаттарга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тааныштырды.

Япониядан 2013-2014-жылдары келген радиациялык фону өтө жогору делген унаалар кармалган эле, -деген депутат Улукбек Ормонов, - алардын адам ден соолугуна келтирип жаткан зыяны үчүн жазасын алып, жооп бергендер болдубу?- деген суроону Өкмөткө жолдоду.

                               СНХ.У.ОРМОНОВ

Айрым айылдарда таза суу тартыш болсо, эми шаарда таза аба көйгөйү жаралды деген депутат Рыскелди Момбеков, -“Шаардын таза абасы – ден соолуктун дабасы”, - экендигин белгиледи. Ошондон улам ал, - борбор калаада абанын булганышынын себептеринин бири болгон автоунаалардан чыккан түтүнгө байланыштуу Өкмөткө автотранспортторду техникалык кароодон өткөрүү талапбын койду.

                               СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Депутат Марат Аманкулов да ордо калаанын жакшы – жаман көрүнүштөрүнө көңүл бурду. Ал ички жолдордун бир тобуна асфальт төшөлгөнүн жакшы көрүнүш катары баалады. Ошондой эле Л.Толстой көчөсүнүн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол жээгине чыгып кеткен үйлөрдү бузууда алардын ээлерине компенсация төлөө маселеси кандай чечилип жаткандыгына да кызыкты.

                               СНХ.М.АМАНКУЛОВ

Социалдык комитет “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндөгү Премьер-министрдин отчёту тууралуу” тармактык комитеттин токтомунун аткарылышын карады. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.Султанбекова баштаган бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери маалымат беришти. Вице-премьер министрдин баяндамасында айтылгандай, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” менен “СССРдин эл артисти” наамдарын алган пенсионерлерге өмүр бою төлөнүүчү үстөк пулдардын өлчөмү да такталууда. “Мисалы, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алган пенсионерлерге 5 миң сомдук кошумча төлөм жүргүзүлсө, ал эми  “СССРдин эл артисти” наамынын ээлерине стипендия төлөө шарттары караштырылууда. Бул багытта "Маданият жөнүндөгү" мыйзамга “Стипендия” деген түшүнүк киргизилип жатат”, - дейт баяндамачы.

                              СНХ.Ч.СУЛТАНБЕКОВА

Депутат Садык Шер – Нияз, - “Азыр биз айдап жүргөн кымбат баалуу унааларыбыз, чет жерден сатып алган турак-жайларыбыз же эгемендик алгандан бери алмашкан 2000 депутатыбыз, же 500 министрибиз, 4-5 президентибиз менен мактана албайбыз. Биз рух дараметибизди чагылдырган мыкты – мыкты жазуучуларыбыз, маданий ишмерлерибиз менен башыбызды жогору көтөрө алабыз. Ошондуктан, бул багытка олуттуу көңүл бурушубуз”, - деди. 

                              СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Депутат Альфия Самигуллина ордо калаадагы Фтизиатрия борборунун ыңгайсыз шартта иштеп жаткандыгына канчага чейин көз жууп олтура берүүгө болот?- деп Өкмөттүн малыматында айтылган жоопторго алымсынбады.

                             СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                            ТАСМА

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-январда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй: -3...-8, Талас: -1...-6, Нарын: -11...-16 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 1...6 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 24-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -5...-7 градус суук болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 193

Окшош жаңылыктар