Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия парламентинин спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту

08-12-2017 16:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын VII пленардык жыйынына катышуу үчүн келгенине ыраазычылык билдирип, аны Түркия парламентинин спикерлигине кайра шайланышы менен куттуктады.

Ал эми Исмаил Кахраманов дагы Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. «Жакында эле Кыргызстандын эли таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүп, өлкөнүн Президентин шайлады. Кыргызстан демократиялык жолдо барат, түрк тарап мындан ары да боордош кыргыз эли менен кызматташа берүүгө даяр», - деп, түрк спикери эки өлкө билим берүү, маданият, экономика жана соода жагында ийгиликтүү кызматташып жатканын, Кыргызстанда түрк маданий борборун ачуу планы бар экенин, бул багытта көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков ал сунуш эске алына турганын айтты. «Жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарга таянган Кыргызстан менен Түркия стратегиялык мүнөздөгү өнөктөш өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан, экономикалык кызматташтык эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат», - дейт кыргыз парламентинин спикери.

Ушу тапта эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 400 млн доллардан ашты. Түрк спикеринин пикиринде, бул көрсөткүчтү жакын арада 1 млрд долларга жеткирүү зарыл.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 398