КР ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков менен РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин жолугушту

28-06-2017 15:53

Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар чөйрөдө жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосунда уланып келе жаткан жемиштүү кызматташтык маселелерин талкуулашып, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков менен Вячеслав Володин мамлекеттер аралык байланыштарды өз ара сый-урматта жана өнөктөштүккө негизделген стратегиялык алака катары мүнөздөөгө болорун белгилешти.  

Чыныбай Турсунбеков парламенттер аралык кызматташтык эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоӊ салым кошорун билдирип, бул жаатындагы иштерди жандандырууну сунуштады.

Андан тышкары, ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда ири саясий окуя, мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгү өтөрүн маалымдаган Төрага: "Биз жаӊы технологияларды пайдалануу менен шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына ээбиз. Айрыкча, алдыдагы шайлоого чоӊ жоопкерчилик менен кароодобуз. Андыктан, бул өнөктүк ачык-айкын өтөт деген ишеничтемин", - деп кошумчалады. 

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын аймагында кыргыз мигранттарына тоскоолдук жараткан бир катар көйгөйлөр тууралуу кеп кылды. Тагыраагы, Россия тарабынын берилбеген айдоочулук күбөлүгү жок чет өлкөлүк айдоочуларга тыюу салуу эрежеси жана олуттуу мыйзам бузбаган кыргызстандыктардын "кара тизмеге" кирип калып жатканы башкы маселе катары айтылды. "Россия биздин ишенимдүү досубуз, андыктан жогорудагыдай көйгөйлөрдү биргелешип иш алып баруунун негизинде чечерибизге ишенебиз", - деди ал.  

Өз кезегинде Россия Кыргызстан менен болгон мамилелерди чыӊдоого кызыкдар экендигин белгилеген Вячеслав Володин айтылган маселелер Россия тарабынан тыкыр изилденерин кошумчалады. Мындан сырткары, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иштерди алып баруу үчүн парламенттик комитеттердин биргелешкен жыйындарын өткөрүү керектигине токтолду. 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 659