Депутаттар А.Алтыбаева жана А.Касымалиева Монголиялык кесиптештери менен бирге аялдардын саясатка аралашуу маселесин талкуулашты

06-04-2017 15:45

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева жана Аялдар Демократиялык тармактарынын жана Эл аралык Республикалык Институттун өкүлдөрү Монголиядагы иш сапардын алкагында Монголия Улуу мамлекеттик хуралындагы (парламентиндеги) айым депутаттардын тобу менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында аялдарды саясатка тартуу жана мыйзам чыгаруучу аялдардын мүмкүнчүлүгү, ошондой эле 2016-жылы Монголияда өткөн шайлоонун жыйынтыгы талкууга алынды.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү "Зориг" фонду менен "Аялдар өзгөрүү үчүн" бейөкмөт уюмдары баштаган бир катар коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен да жолугушту.

Ошондой эле тараптар жаштардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселелелери жана алардын көйгөйлөрү тууралуу пикир алмашып, саясатчы аялдар үчүн каржылык ресурстарды колдоо жолдорун да талкуулашты.

Эске салсак, сапардын катышуучулары 6-7-апрелде Улан-Батор шаардык кеӊешинин аял депутаттары жана Улуттук гендердик комитеттин мүчөлөрү менен жолугушту. Андан тышкары, депутаттардын зомбулукка каршы күрөшүү Улуттук борборуна да барары, ошондой эле Монголия ЖМК өкүлдөрү менен тегерек үстөлгө да катышаары күтүлүүдө.

Көрүүлөрдүн саны : 49