Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков Россиянын И.Е.Репин атындагы сүрөт академиясына улуу талант С.Чокморовдун бюстун белек кылды

25-03-2017 15:39

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Ферациясынын И.Е.Репин атындагы сүрөт академиясында СССРдин эл артисти,  белгилүү кыргыз сүрөтчүсү жана актеру Сүймөнкул Чокморовдун бюстун тапшыруу аземи болуп өттү.

Дүйнөлүк маданияттын жана цивилизациянын  борбору болгон Санкт-Петербург шаарына улуу сүрөтчүнүн бюстун тапшыруу жалпы кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу жаӊылык деген Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков алгач Россия элин 25-март маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктап: "Иш-чаранын ушул даталуу күнгө туш келип жатышы да жакшы жышаан. Анткени биз бүгүн кыргыз маданият тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылып калган кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморовду дагы бир жолу сыймыктануу менен эскерип жатабыз. Ал алгачкы билимди Фрунзеден алып, кийин ушул И.Репин атындагы сүрөт иститутунда талантын такшалткан. Андыктан, Сүймөнкул Чокморовдун бюстун өзү окуган мекемеге коюу баарыбыздын тарыхый милдетибиз эле" - деди.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков мыкты талантты таптаган СССРдин эл артисти аталган академиянын Е.Е.Моисеенко, С.А.Чуйков сындуу залкар окутуучуларынан билим алгандыгын эске салды.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы улуу инсандын "кыргыз киносунун кереметтерин" жаратууга да чоӊ салым кошкондугун эскерип: "27 жашында башталган актерлук карьерасы өзүн чебер талант катары гана таанытпастан, кыргыз элинин жүзүн, жалпы көп улутту совет элинин кино өнөрүн дүйнөгө тааныткан" - деп кошумчалады.

Иш-чарага улуу таланттын бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов, Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын бир катар депутаттары жана кыргыз диаспорасы катышты.

Аземдин алкагында КМШ Парламенттик Ассамблеясынын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча комиссиясына таандык маалыматтык-аналитикалык журналы Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековго редакциялык коллегиянын ардактуу мүчөсү наамын ыйгарышты.   

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациясынын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозова бар.       

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 619