Жогорку Кеӊештин Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды колдоого алышыбыз керек"

13-03-2017 15:33

13-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Иш-чарада парламенттер аралык мамилелерди достук топтордун тыгыз кызматташтыгы аркылуу кеӊейтүүгө болору айтылып, тараптар байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын бул жааттагы тажырыйбасы өтө зарыл экенин белгилеп: "Күндөн-күнгө парламенттик достук топторунун жана депутаттардын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. Себеби, эки мамлекет үчүн ар тараптуу алакалардын мааниси чоӊ.  Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы баардык иш-чараларды жана долбоорлорду колдоого алышыбыз керек", -  деди.

Ал эми кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеӊештин ишмердүүгү жөнүндө маалымат берип, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.

Ошондой эле жолугушууда мыйзам чыгаруу жаатындагы тажырыйбалары менен бөлүшүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгы белгиленди.

Эске салсак, кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Абдыкапар Султанов, Ирина Карамушкина жана Кубанычбек Нурматов кирет.

КР Жогоку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 628