Депутат Каныбек Иманалиев КМШ ПААнын пленардык жыйынында билим берүү тармагынын азыркы абалы боюнча баяндама жасады

25-11-2016 15:27

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев Санкт-Петербуг шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын бешинчи пленардык жыйынына катышты.

2016-жыл КМШ өлкөлөрүндө Билим берүү жылы деп жарыялангандыктан, жыйын жүрүшүндө КМШ мамлекеттериндеги билим берүүнүн сапаты тууралуу маселе талкууланды.

Депутат Каныбек Иманалиев жыйында «КМШ мамлекеттериндеги билим берүүнүн сапаты: укуктук жактан камсыз кылуу жана натыйжалуу практика. Кыргыз Республикасынын тажырыйбасы» темасында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору жаатында ой бөлүштү.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 579