ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.18.

12-01-2018 09:04

Бүгүн, 12-январдагы жыйынында “Кыргызстан” фракциясы жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларды карайт. Айлана-чөйрөнү чыгуучу газдар менен булгануусунун деңгээлин төмөндөтүү максатында гибриддүү кыймылдаткычы бар автотранспортко карата бажы алымдарын жеңилдетүү жана электрлүү кыймылдаткыч (электромобиль) автотранспорт каражаттарын бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жөнүндөгү суроо дагы фракция олтурумунун күн тартибинде турат.

Экологиянын тазалыгын сактоодо жашыл экономиканын ролу зор. Бул багытта ой бөлүшкөн депутат Экмат Байпакбаев “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, бир топ маанилүү сунуштары менен бөлүштү. Эл өкүлүнүн айтымында, абанын тазалыгын сактоодо электр энергиясы менен жүрө турган унаалардын санын көбөйтүү керек. Зарыл болсо, транспорттун ошол түрлөрүн алып келүүдө салыктык жактан жеңилдиктер каралыш керек.

                                СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Жашыл экономика, жашыл технология багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжаларына токтолгон КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспековдун билдиришинче, Бишкек шаарындагы айрым от жагуучу ири жайлар акырындап күн коллектору менен иштөөгө өтүүдө. “Мисалы, Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү жылуулук таркатуучу борборго былтыр 354 күн коллектору орнотулду. Ага кеткен 10 млн. сомдук каражатты Жаратылышты коргоо фонду каржылады. Анын пайдасы сезиле баштады. Атмосфералык абага тарай турган булганыч заттар 1200 кг азайды”, - дейт Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү.

                               СНХ.А.РЫСПЕКОВ

“ЖЭБден чыккан түүтүндүн зыяндуулугун азайтуу иштери үзгүлтүксүз жүрүп турат. Алдыда дагы конкурс жарыяланып, уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтуу жолдорун нукка салган он-лайн режиминде иштей турган жаңы кадамдарга барганы турабыз”,- дейт “Улуттук Энгергохолдинг” ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

                                СНХ.Н.САДЫКОВ

“Балыкчы – Корумду жолу эки жыл мурда башталса да эмдигиче бүтө элек. Мындай көрүнүш жергиликтүү калкты жүдөтүп бүттү. Эшигинин алдына чейин казылган чуңкурчалар түздөлгөн жок, туристтик мезгил дагы үзгүлтүккө учурады”,- деген депутат Гүлкан Молдобекова, - “Жол бүтсө, туристтер үчүн жагымдуу шарт түзүлүп, көптөгөн каражат түшмөк. Ошондуктан, Өкмөт жолду тездетип бүткөрүү чараларын көрүшү зарыл”, - дейт.

                               СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-январда  көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 1...-6, Нарын: -11...-16 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл: -4...+1 градуска чейин жылуу болот.Бишкек шаарында бүгүн, 12-январда  мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -2...-4 градуска чейин суук болот.

 


 

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар