ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.18.

11-01-2018 08:18

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңеш кезектеги жыйынын күн тартибин тактап алган соң, адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна да көңүл бурулат. Алардын катарында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам  долбоору үчүнчү окууда каралат.   “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  болсо экинчи окууда талкууга чыгат. 

Жогорку Кеӊеш кечээки олтурумунда Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан сунушталган вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Ал жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган мурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө.  Депутаттардын бир тобу Өкмөттө 4 вице-премьердин болушу көптүк кылаарын айтышты. Алардын бири депутат Рыскелди Момбеков.  

                            СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Жалпы парламенттин колдоосун алган Санжар Муканбетовду жаӊы кызмат орду менен куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан анын ишинде ийгиликтерди каалады.

                            СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Өкмөттүн сунушу менен “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда  депутаттар Өкмөттүн “40 кадам” долбооруна каршы келип калган учурларды белгилеп, тескерисинче өлкөнү өнүктүрүү үчүн текшерүүчү органдарды азайтуу зарылчылыгын белгилешти. Алсак, депутат Акылбек Жапаров текшерүүчү органдарды көбөйтүү аркылуу мыйзамсыз аракеттердин арбышына да өбөлгө түзүлүп жатканына токтолду.

                            СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Дастан Бекешев жүргүнчү ташуучу кичи автобустарды жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу ички иштер органдары, ага кошумча дагы бир органдын текшерүүгө алуусу туура эмес экенин белгилеп, бул мыйзамсыз көрүнүштөргө себепкер болорун билдирди.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                  ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-январда  эртең менен, күндүз, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас:-4...1 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 1...6 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -2...3 градуска чейин жылыйт. Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11-январда  мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0...-2 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 287

Окшош жаңылыктар