ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.18.

10-01-2018 09:12

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына Санжар Муканбетовду дайындоо боюнча Премьер-министрдин сунушун карайт. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да бул жолку жыйындын талкуусуна чыгат. Анда окуу жумалыгын 6 күндөн 5 күнгө өткөрүү тууралуу сөз болот. Ошондой эле “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө болсо үчүнчү окууда көңүл бурулат.

Польша 40 млн евро өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Ал калкты таза суу менен камсыз кылууга жумшалат. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

                             СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Массалык маалымат каражаттарын юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүдө ашыкча бюрократиялык жолтоолуктар жоюлат. Бул багытта даярдалган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдү  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети экинчи окууда жактырган болчу.  Анда  массалык маалымат каражаттарын каттоо мөөнөтү 10 жумушчу күнгө кыскартылары айтылат. Бул тууралуу КР Юстиция министри Уран Ахметов төмөндөгүлөрдү билдирди.

                            СНХ.У.АХМЕТОВ

Депутат Аида Касымалиева катталуу мөөнөтүнүн 10 күнгө чейин кыскартылып жатышы убакытты тарытып, айрым ММК үчүн ыңгайсыздыктарды жаратар-жаратпастыгына кызыкты.

                            СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Д.Бекешев, - “ММК каттоодон өткөрүү союздун убагындагы талаптардын бири. Ошондуктан, бул ыкманы колдонуунун зарылчылыгы жок”, - деген пкиирин ортого салды.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Социалдык тармактардагы ачылып жаткан баракчалардын ушул сунушталып жаткан мыйзамга канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин депутат Садык Шер-Нияз тактады.

                            СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Эгер ММК арасында айрым бир каражаттар бийликке жакпай кала турган болсо, бул мыйзам долбоору аларды каттоодон четтетип, же жаап салуу үчүн манипуляциялык курал болуп калбайбы?- деген суроону депутат Н.Никитенко жолдоду.

                            СНХ.Н.НИКИТЕНКО

«Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тармактык комитетте жактырылды. Бул багытта КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Д.Эсеналиев  баяндама жасады. Андагы айтылгандарга караганда, мыйзам долбоорунун концепциясы - электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базасын иштеп чыгууга мамлекеттик контракт түзүүдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ылайыктуу коргонуу камсыз кылууну максат кылат. 

                           СНХ.Д.ЭСЕНАЛИЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-январда  жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:3...8, Ысык-Көл, Талас: 1...6 градус жылуу болот. Нарын: -3...-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 5...7 градус жылуу болот.

 



 

Көрүүлөрдүн саны : 209

Окшош жаңылыктар