ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.18.

09-01-2018 09:02

Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Электр энерегетикасы жөнүндөгү” КР мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын бирдиктүү вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү маселеси да талкууланмакчы. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу» Өкмөттүн маалыматы дагы угулат.

Кечээ, 8-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын карады. Ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперацияларына биригүү үчүн дем берүү, соода- логистикалык борборлорунун жана Машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Талкууда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен айыл чарба кооперативдеринин саны көбөйө тургандыгын айткан депутат Асылбек Жээнбеков алардын сапатын дагы жакшыртууну шарттай турган өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгиледи. Ошондой эле логистикалык борборлордун маанисине дагы токтолду.

                               СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Республика аймагындагы тажрыйбалуу кооперативдерди чакырып “парламенттик угуу” өткөрүүнү сунуш кылган комитеттин бир катар мүчөлөрү дагы мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен бирге сапаттуу мыйзам кабыл алынышы үчүн бир катар жагдайларга тактоолорду киргизүү зарылдыгын билдиришти. Депутат Мирлан Бакиров айыл чарба кооперативине так аныктама берүүдө алардын 20,50 гектер жери болушу керек дегендей так маалымат жазуу зарылдыгын кошумчалады.

                              СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Төрөбай Зулпукаров “Бишкек-Ош” жолундагы, авиа каттамда орун алган көйгөйлөр боюнча тармактык комитетте маселе кароону сунуш кылды. “Болбосо, жол таза, аба ырайы ачык,- деп маалымат берилгени менен эл жолго чыгып алып кыйынчылыкка кабылышууда”,- дейт эл өкүлү.

                              СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Депутат Улан Примов авиакаттамдагы орун алган көйгөйлөрдү санап, эгер жүргүчүлөр үчүн ыңгайсыз кырдаал жаралса аэропорт дагы, авиакомпаниялар дагы тиешелүү шарттар менен камсыз кылууну колго албай жаткандыгын сынга алды.

                             СНХ.У.ПРИМОВ

“Январь айында дагы суук күчүнө кирери айтылып жатат. Андыктан, КР Өкмөтү буга жараша жол каттамы менен авиакаттамдарга тиешелүү камылгаларды көрүшү керек”,- дейт депутат Музаффар Исаков дагы.

                             СНХ.М.ИСАКОВ

“Кышында биринчи жолу кар жааганда эле көйгөй жаралды. Аткаруу бийлик органдарында пландаштыруу деген жок болуп калды. Социалдык өлкө болгондуктан, дотация принциби менен иштешибиз керек”,- дейт депутат Исхак Масалиев жогорудагы кесиптештиринин пикирин улантып.

                             СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9-январда  кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңгок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Талас: 4...9, Ош, Жалал-Абад, Баткен:5...10, Ысык-Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -3...-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 6...8 градус жылуу болот.

 


 

Көрүүлөрдүн саны : 47

Окшош жаңылыктар