ЖАҢЫЛЫКТАР 08.01.18.

08-01-2018 09:10

Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Ошондой эле мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүү сунушун камтыган  «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү да үчүнчү окууда талкууланмакчы. «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр болсо экинчи окууга чыгат. «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү» мыйзамга да өзгөртүүлөр сунушталууда.  

Өзгөчө экологияга көңүл буруу чакырыгын жасаган депутат Дастан Бекешев, - “Бишкектин экологиясына кам көрүп, борбор калаабызды жашыл шаарга айланталы”,- дейт. Ошондой эле ал, - бүгүнкү күндө Бишкектин абасынын тазалыгына кайсы мекеме жоопкер экендигин тактоо зарылдыгына токтолду.

                             СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Кыш башталды дегенче “Бишкек-Ош” стратегиялык жолунда көйгөйлөр жаралат. Бирок, жылда кайталанчу бул абалдан чыгууга аткаруу бийлиги жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Мындай пикирин ортого салган депутат Сайдулла Нышанов КР Өкмөтү мындан жыйынтык чыгарып, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашы керек дейт.

                             СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Калдарбек Баймуратов аталган Бишкек-Ош жолундагы тыгынга өзү да кабылып, 24 саат бою жолдо турган кабарлады. Мындай шарттагы баш-аламандыктарга жол берилип жаткандыгына нааразы болгон эл өкүлү буларга токтолду.

                             СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

“Бишкек-Ош жолуна жооптуу болгон дирекция өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай жатат”,- деген пикир депутат Умбеталы Кыдыралиев тарабынан айтылды.

                             СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Эрте жаштагы балдарга кам көрүү – келечекке салган эң чоң инвестиция. Анткени коммуникативдик жөндөмдүүлүк балдардын жаш кезинде калыптана турган сапаттардын бири. Эгерде ушул жөндөм агрессиядан тышкары  туруп жөнөкөй жолдо өнүгүп олтурса - бул биринчи кезекте тынчтыкты урматтоого ташталган келечектүү кадам болот. Анткени тынчтыктын туруктуулугун сактай турган келечектин күчтүү мууну азыркы жаш балдар.Ушул жагын эске алышыбыз керек. Бул айтылгандарды баяндап, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусунун директору, белгилүү билим берүү тармагынын эксперти Догдургүл Кендирбаева “Парламент” радиосуна буларды билдирди.

                            СНХ.Д.КЕНДИРБАЕВА

"Mister trains" тренингдик борборунун жетекчиси  Миргазы Жуматаев, - “Адам жашоосуна керектүү болгон нерселерди 20 жашка чыкканчакты толугу менен үйрөнүп алат. Эгер ал ошол адаттарга канааттанып жашаса, улам жаңычылдыкка умтулбашы мүмкүн. Бирок, анын айынан кайталанма турмуш башталат. Андай абал ошол кишилерге  убакыттын закымына эч нерсе жетпегендей көрсөтүшү ыктымал.  Ал эми улам бир жаңы нерселерди үйрөнүүгө кадам койгон кишиге болсо убакыт ушунчалык узактай сезилет. Бул  кишинин өзүн – өзү тарбиялоосуна жакшы”, - дейт парламенттин радиого курган маегинде.

                             СНХ.М.ЖУМАТАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-январда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл: 1...6, Талас: 2...7, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 3...8 градус жылуу болот. Нарын:-3...-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы: 3...5 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 189

Окшош жаңылыктар