ЖАҢЫЛЫКТАР 05.01.18.

05-01-2018 09:20

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында бардык айыл аймактарына банкоматтарды орнотуу маселесин карап, бул багытта даярдалган мыйзам долбоорун биринчи окууда 110 добуш менен кабыл алды. Анда банктарга салык төлөө жагынан жеңилдик берүү шарттары камтылган. Депутаттар мамлекет ээлик кылган банктарга жеңилдик берип, ал эми коммерциялык багыттагы банктарга андай жеңилдиктин кереги жок экенин айтышты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, өлкөдө айыл аймактарына чейин банкоматтар менен  90 пайызга камсыздалат. 2020-жылга чейин 796 банкомат, 5 миңден ашык пост-терминал, 2330 төлөм терминалдары алынып келет. 

«Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык Бирлигинин Бажы кодекси боюнча катачылыктарга жол берип, Өкмөт өзүнүн чабалдыгын көрсөттү. Ошондуктан, өкмөт мүчөлөрү депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерге маани берип, кемчилигин оӊдоого милдеттүү. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                                СНХ.М.БАКИРОВ

“Кыргызстан менен ырааттуу кызматашып келе жаткан Кытай, Россия, Түркия сындуу өлкөлөрдөгү элчиликтердин курамын кеӊейтишибиз керек. Бир катар өлкөлөрдө жаны элчиликтерди ачса да болот”- деген депутат Таабалды Тиллаев, - “Биз ошол эле учурда айрым чет өлкөлөрдөгү иштебеген элчиликтерди жоюу кадамына да барышыбыз керек”, - деп билдирди.

                                СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

“Бишкек жылуулук электр борборуна жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары жуулган кирлери таанылбай калып жаткандыгын (ЖЭБден) чыккан түтүнгө байланыштырышууда. Андыктан, андагы түтүндүн нормасын текшерип туруу керек. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков маселе көтөрүп, ошол эле учурда Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан жыт боюнча жергиликтүү элдин нааразычылыгын дагы айтты.

                               СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Депутат Аалы Карашев дагы Бишкек ЖЭБинде байланышкан жагдайга токтолуп, андагы болгон модернизацияны элге көрсөтүп, толук маалымат берүүнү КР Өкмөтүнө табыштады. Ошондой эле эл өкүлү абанын булганышына себепчи болгон авто унаалардын көбөйгөндүгү боюнча да сунуш айтып, авто унааларды газга өткөрүүнү демилгеледи.

                              СНХ.А.КАРАШЕВ

Окуучулар менен студенттер бир кезде дайыма барып, ааламдын түрдүү сырлары тууралуу маалымат алып келишкен борбор калаадагы «Россия» кино театрынын жанында жалгыз «Планетарий» бар эле.  Тилекке каршы, азыр ал таптакыр каралбай калыптыр. Өкмөт өзү демилгени колго алып, аны тезинен калыбына келтириши зарыл,- деген талапты депутат Пархат Тулендыбаев койду.

                             СНХ.П.ТУЛЕНДЫБАЕВ

Депутат Осмонбек Артыкбаев өткөн жыл жемиштүү жыл болгонун белгилеп, “былтыр районго маданият үйү, спорт аянчасы, мечит курулуп, жакшы иштер болду. Мындан ары айылдарды шаарлар менен теңдештирүү керек, ошондо шаардагылар айылга кайтат. Ар бир үйгө таза суу  кийирүүнүн  үстүндө иштеп жатабыз. Таза суу үчүн 22 млрд сом каралды. Анын ичинде Токтогулдун бир нече айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоорго кирди.  Ирригация маселеси да чечилгени жатат”,-деди токтогулдуктар менен жолугушканда. Жергиликтүү тургундар эл өкүлүнө ыраазылык билдирүү менен, БУУнун  чемпион наамын алышы менен депутатты куттуктады. 

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-январда  Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл: -2...+3 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 1...6 градус жылуу болот. Нарын: -7...-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-январда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 0...-2 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 215

Окшош жаңылыктар