ЖАҢЫЛЫКТАР 04.01.18.

04-01-2018 09:27

Бүгүн, 4-январдагы Жогорку Кеңеш  жыйыны “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. 2018-жылдын январь айына карата  парламенттин календарлык планы бекитилет. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлүр да талкууга чыгат.  

“Кыш аязы башталып, кардын жаашы менен бир катар айылдар электр жарыгысыз калды. Бул даярдык иштеринин жетишсиздигин көрсөттү”,- дейт депутат Эмил Токтошев.

                                СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Депутат Аалы Карашев дагы кыш мезгилиндеги жол жүрүү түйшүктөрүнө токтолду. Кардын жаашы менен “Жол азабы – көр азабы” болуп, Бишкек – Ош жолунда каттаган элдин кыйынчылыктарга кабылып жатканына Өкмөт кайдыгер карабашы керек, -дейт ал.

                                СНХ.А.КАРАШЕВ

Көк-Талаа - Пүлгөн ортосундагы эски жолдо оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө уруксат берүү зарылдыгын Өкмөткө кайталап  айта берип чарчаган  депутат Закир Шарапов, - “Бул багытта Өзбекстан менен сүйлөшүп, жүк ташуу үчүн транзиттик жолду сөзсүз ачуу керек”,- дейт.

                                СНХ.З.ШАРАПОВ

Мектеп коопсуздугу боюнча уюштуруусу жана каржылоосу эске алынган комплекстүү маханизм иштелип чыгышы керек. Бул багытта КР Өкмөтү тиешелүү иштерди алып барууга тийиш, -деген депутат Айнуру Алтыбаева мектептерде окуучулардын ден соолугуна кам көрүү маанилүү маселе экендигин билдирди.

                               СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Бишкек шаарындагы абанын тазалыгы боюнча маалымат алгандыгын айткан депутат Дастан Бекешев, - борбор калаа тургундары бир топ зыяндуу заттар менен дем алып жатканына тынчсызданды.

                               СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Калмаматов Жыргалбек Айтиевич 2018-жылдын 1-январынан 2-январына караган түнү 45 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Ош областынын Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1993-жылы Бишкек шаарындагы Финансы-экономикалык техникумунун «салык инспектору» адистиги боюнча бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун 1993-жылы бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштаган. Ал 2002-2004-жылдары «Темир» мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген. Андан кийин 2004-2010-жылдары «Коңурат» ассоциациясынын башкы директору, кийинчерээк 2010-2015 –жылдары «Агромет» жоопкерчилиги чектелген ишканасында башкы директор болуп иштеп турган. 2015-жылы Кыргызстан саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыгына шайланган. Үй-бүлөлүү, тогуз баланын атасы. Өз журтунун чыныгы атуулу, мыкты ишкер жана эл өкүлү Калмаматов Жыргалбек Айтиевичтин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көӊүл айтуу менен, аза кайгыларын теӊ бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                         ТАСМА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-январда  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Чүй: 2...+3 градуска чейин жылыйт. Талас, Ысык-Көл: 0...5, Ош, Жалал-Абад: 5...10, Баткен: 4...9 градус жылуу болот. Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4-январда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 0...2 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 158

Окшош жаңылыктар