ЖАҢЫЛЫКТАР 29.12.17.

29-12-2017 09:04

Кечээ, 28-декабрда Жогорку Кеӊеште жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү – биринчи вице-премьер-министр Шадиев Аскарбек Алимбаевич, вице-премьер-министр Кенекеев Дайыр Атакулович, маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек ант беришип, өздөрүнүн өкмөт курамындагы ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ошол эле ант берүү аземине катышкан КР Президенти Сооронбай Жээнбеков да өз мекендештерин, анын ичинде кыргыз парламентинин депутаттарын Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чыӊ ден-соолук, бакубат турмуш, иштеринде ийгиликтерди каалады.

                              СНХ.С.ЖЭЭНБЕКОВ

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан парламентте ант берген жаӊы өкмөт мүчөлөрүн расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

                               СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамга КР Президенти тарабынан вето коюлгандыгын депутат Аида Салянова маалымдады. Мындан улам, депутат аталган мыйзам боюнча корутунду даярдаган адистер өлкө башчысына бут тоссо тосот, бирок жол ачкан жок, -деди.

                               СНХ.А.САЛЯНОВА

Депутат Максат Сабиров индексация боюнча мыйзамды көтөргөнүнө 5 жыл болгонун, ары же бери болбой орто жолдо турганын, ошондой эле эл күтүп жаткан трансформация маселеси дагы туруп калгандыгын тизмектеди.

                               СНХ.М.САБИРОВ

Жер тилкесин үй куруу үчүн трансформациялоо маселесине депутат Автандил Кулбараков дагы токтолду. Анын маалыматы боюнча Нарын облусунун Жумгал райоундагы Жаңы-Арык айылында үй курууга каралган жерлерге тамдар салынып, эл жашап жатканы менен, бул жерлерди трансформациялоо жүзөгө ашпай келет. Жергиликтүү тургундар бул маселенин чечилишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

                               СНХ.А.КУЛБАРАКОВ

Өзбекстан менен чектешкен Каримберди айылындагы ичүүчү суунун жоктугу башкы көйгөй экендигин айткан депутат Төрөбай Зулпукаров, - Ош облусунун Ноокат районундагы 28 кмди ээлеп турган айылдагы абалды Өкмөткө сүрөттөп берди.

                              СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                        ТАСМА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл: 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 2...7 градус жылуу болот. Талас: -4...+1 градуска чейин жылыйт. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 3...5 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 68

Окшош жаңылыктар