ЖАҢЫЛЫКТАР 28.12.17.

28-12-2017 08:40

Бүгүн, 28-декабрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү ант беришет. Ратификациялык мыйзам долбоорлорунун катарында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндөгү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу дагы бар. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да бүгүнкү жыйындын кароосуна чыгат.  

“Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун тыкыр иштеп чыгуу үчүн инвестициялык долбоордун жалпы көлөмүнөн 3,6 млн долларды карыз катары ала туруу жагы каралууда. Бул багытта даярдалган ратификациялык мыйзам долбоору парламенттин кечээки жыйынында үч окууда каралды.  “Жалпы долбоордун наркы 20 млн долларды түзөт”, -дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

                              СНХ.К.БОРОНОВ

Кечээки жыйынында парламент “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.  Анда окуу процессин жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү негиздери демилгеленүүдө.  Бирок, буга чейин деле 5 күндүк тартип менен иштеген класстар бар эле да?- деген суроону депутат Зиядин Жамалдинов жолдоду.

                             СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Көп тилдүү программа менен иштейбиз деп жатканда кайсыл сабактар көбөйтүлөт? Эгер сабактардын жүрүмү көбөйсө, балдар 5 күндө окуп жетише алышабы? – деген суроо Рада Туманбаева тарабынан көтөрүлдү.

                            СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Депутат Алмазбек Баатырбеков чет мамлектетердеги билим берүү саясаттарына токтолуп, андагы окуу жылынын башталуу маалына кайрылды.

                            СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

Англис тилин билген адамдардын өнүгүүсү 99% кайтарымдуу болот экен. Бул жыйынтыктарга кайрылган депутат Умбеталы Кыдыралиев мектептердеги окуу процессине киригизилип жаткан өзгөртүүлөргө кайрылып, өз пикирин ортого салды.

                            СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28 - декабрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй,  Талас: -2...-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 0...-5, Ысык-Көл: -1...-6, Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28-декабрда кар жаашы күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -3...-5 градус суук болот.



 

Көрүүлөрдүн саны : 280

Окшош жаңылыктар