Жашоого керектүү нерселерди адам канча жашына чейин үйрөнөт?

27-12-2017 18:23

Эрте жаштагы балдарга кам көрүү – келечекке салган эң чоң инвестиция. Анткени коммуникативдик жөндөмдүүлүк балдардын жаш кезинде калыптана турган сапаттардын бири. Эгерде ушул жөндөм агрессиядан тышкары  туруп жөнөкөй жолдо өнүгүп олтурса - бул биринчи кезекте тынчтыкты урматтоого ташталган келечектүү кадам болот. Анткени тынчтыктын туруктуулугун сактай турган келечектин күчтүү мууну азыркы жаш балдар.Ушул жагын эске алышыбыз керек. Бул айтылгандарды баяндап, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусунун директору, белгилүү билим берүү тармагынын эксперти Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 27-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Аталган коомдук фонддун катышуусунда даярдалган үч жашка чейинки балдардын өнүгүүсү боюнча иштелип чыккан күндөлүктө балдардын салмагынан тартып, боюнун өсүшү, акыл – эсинин өөрчүшү сыяктуу ар бир жаңы кадам жазылып турат.  Ал ар бир ата – эненин колунда болот.

“Жаш балдардын өсүүсүн байкоочу жаңы ыкмалардын бири катары иштелип чыккан күндөлүк китепчелери сүйүнчү пул алып жаткан жаңы төрөлгөн ымыркайларга милдеттүү түрдө тапшырылсын, - деген сунушту айткан депутат Акылбек Жапаровдун пикири да абдан жакты. Бул жагын эске алабыз”, - дейт Д.Кендирбаева.

Ошол эле уктурууга катышкан  "Mister trains" тренингдик борборунун жетекчиси  Миргазы Жуматаев, - “Адам жашоосуна керектүү болгон нерселерди 20 жашка чыккычакты толугу менен үйрөнүп алат. Эгер ал ошол адаттарга канааттанып жашаса, улам жаңычылдыкка умтулбашы мүмкүн. Бирок, анын айынан кайталанма турмуш башталат. Андай абал ошол кишилерге  убакыттын закымына эч нерсе жетпегендей көрсөтүшү ыктымал.  Ал эми улам бир жаңы нерселерди үйрөнүүгө кадам койгон кишиге болсо убакыт ушунчалык узактай сезилет. Бул  кишинин өзүн – өзү тарбиялоосуна жакшы”, - дейт. 

Адам баласы учур менен жашоого үйрөнүшү керек. Балдардын таанып – билүүсүндө болсо “жок, болбойт” деген сөздү аз колдонуу айрым учурда терс жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Мындай учурларды ачып, анын себептерин түшүндүрүп берген Нурила Жуматаева да "Mister trains" тренингдик борборунун өкүлү. Ал дагы түз эфирдин мейманы болду.

Чет элдик туристтер менен жакындан иштешкен Айнура Бердибек кызы да түз эфирде болуп, сырттан келген туристтердин жүрүм – турумдарындагы айрым бир кабыл алып үйрөнө турган маданияттын жакшы үлгүлөрүн санап берди. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 142

Окшош жаңылыктар