ЖАҢЫЛЫКТАР 27.12.17.

27-12-2017 08:44

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеш  “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт.  Анда окуу процессин жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү негиздери демилгеленүүдө.  Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан  “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү”  мыйзам долбоору да экинчи окууда талкууланмакчы. “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат. Бул маселе  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралганда көп талаш - тартыштар менен коштолду. Буга чейин президент кол койгон мыйзамды кабыл алууда демилгечилик кылган депутат Карамат Орозова эми иштеп баштай элек мыйзамга туруп туруп эле  неге өзгөртүү сунушталып жаткандыгына нааразы болду.

                      СНХ.К.ОРОЗОВА

Бирок, депутат Акылбек Жапаров өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан себебин убагында туура эмес эсептөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы менен байланыштырды.

                      СНХ.А.ЖАПАРОВ

 Июнь айында өкмөттүн миграция багытында аткарылган иштери боюнча маалыматын угуу керек, - деген сунушту айткан депутат Каныбек Иманалиев, - консулдардын ишти илгерилеткендерине ардактуу консул наамын ыйгарууну кечеңдетпесек, - дейт.

                      СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдардын өнүгүүсүн алдыга жылдыруунун базалык стандарты жана жети жашка чейинки баланын өнүгүү Күндөлүгү жөнүндөгү” маселени карады. Бул суроо депутат Аида Касымалиева тарабынан демилгеленүүдө. Анда жаш балдардын өсүүсүн көзөмөлдөгөн күндөлүк китепче ар бир ата - эненин колунда болсун деп сунушталууда. 

                      СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Балдардын өсүүсү туралуу жазылган китептин айрым сүйлөмдөрүндөгү чаржайыт маанинин камтып калган учурларын депутат Садык Шер Нияз атап, күндөлүктүн редакциялык сапатына да көңүл бурууга чакырды.

                     СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Депутат Акылбек Жапаров балдардын сүйүнчү алган бөлүгүнө ушул иштелип чыккан балдардын өсүүсүн баяндаган күндөлүктү акысыз таратуу сунушун көтөрдү. Ошондой эле андагы маалыматардын майда шрифттер менен терилип калгандыгы да ыйңгайсыздыкты жаратат, - деген пикирин билдирди.

                     СНХ.А.ЖАПАРОВ

Балдардын нейрондук байланыштары 700 ирет ыкчам иштеп турат. Муну илимий негизде аныктаган маалыматтар менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусунун өкүлү, коомдук ишмер Догдургүл Кендирбаева тааныштырды.

                    СНХ.Д.КЕНДИРБАЕВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -2...-7, Ысык-Көл 0...-5 Нарын: -3...-8 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -3...-5 градус суук болот.


 

Көрүүлөрдүн саны : 67

Окшош жаңылыктар