Тбилиси шаарындагы (Грузия) ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жылдык жайкы сессиясы өз ишин аяктады

07-07-2016 17:20

Тбилиси шаарындагы (Грузия) ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жылдык жайкы сессиясы өз ишин аяктады. Соңунда ЕККУ ПА Президенттигине жана Вице-президенттигине шайлоолор өттү. Жыйынтыгында Президенттик орунга К.Муттонен (Австрия парламенти), ал эми Вице-президенттик орунга А.Гулиев (Азербайджан парламенти) шайланды.

К. Муттонен, социал-демократ парламенттик тобунун эл аралык мамилелер жана Европа саясаты боюнча спикери, «Австрия – Борбор Азия» парламенттик тобунун төрайымы, ошондой эле Австриянын коопсуздук кеңешинин мүчөсү К.Муттонен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков, Австрия менен кызматташуу боюнча парламенттик тобунун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Абдылдаев менен Кыргызстанда быйыл 2-5 июньда жолукса, ал эми Азербайджан Президенти И. Алиевдин астындагы Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик колдоо кеңешинин башчысы А. Гулиевдин ЕККУ ПАнын жетектөө курамына сунушталгандыгы Кыргызстандагы Азербайджан элчиси Г.Оруджевдин быйыл 15 июньда Ассамблеядагы кыргыз делегациясынын атынан андагы Башчынын орун басары И. Ш. Өмүркүлов менен болгон жолугушууда талкууланган.

 

Көрүүлөрдүн саны : 1411

Окшош жаңылыктар