Жогорку Кеңеш делегациясы Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын иши менен таанышты

21-12-2017 14:37

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Өзбекстандын Олий Мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын иши менен таанышты.

Палатанын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жолугушуу учурунда мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү, комитеттердин иш милдети жана Өкмөт менен парламенттин ортосундагы кызматташуу тууралуу айтып берди. “Бул багыттан алганда сиздердин парламенттин тажрыйбасы абдан чоң экенин билебиз”, - деди Н.Исмоилов.

Өз кезегинде Төрага Д.Жумабеков кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, эки өлкөнүн парламенттери бири-бири менен тыгыз байланыш куруу аркылуу мамлекеттер аралык карым-катышты жакшыртууга шарт түзөөрүн белгиледи. “Тилибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бир элбиз.  Президенттерибиз чек ара маселелерин чечип, эки элдин мындан ары дагы жакындашуусуна эшик ачты. Биз эми ошол достугубузга көпүрө болуп берели. Бийлик өкүлдөрү катары карапайым калкыбызга шарт түзүп берсек, соода-сатык, карым-катыштар мындан дагы бекем болот”, - деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов Өзбек парламенти Кыргыз парламенти менен ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгилеп, жакында Бишкекте жогорку деңгээлде өткөн ТүркПА жыйынына ардактуу конок катары чакырылгандыктары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий сапары менен Өзбекстанда жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Алмасбек Акматов, Азизбек Турсунбаев, Мурадыл Мадеминов, Алиярбек Абжалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Бакирдин Субанбеков, Сайдулла Нышанов жана Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков бар. Расмий сапары учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы  Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну жандандырууга багытталган документтерге кол коеру күтүлүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 829

Окшош жаңылыктар