Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги бүдөмүкпү?

20-12-2017 17:17

Балдар үйлөрүндөгүлөрдүн бардыгы тең эле тоголок жетимдер эмес. Ата-энесинен кароосуз калгандары да бар. Мындай шартта аларга төлөнүүчү жөлөкпулдардын ¾ бөлүгү балдарды багууга кетсе, калган ¼ бөлүгү балдардын кийинкисине жарасын деген максатта өзүнчө сакталат. Бул балдар кодексине көрсөтүлгөн, - дейт белгилүү коомдук ишмер, юрист Атыр Абдрахматова бүгүн, 20-декабрда парламенттик радиого курган маегинде.

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн туруктуу каттоого туруу маселеси да өзүнчө бир чечилбеген көйгөй. Кимге барып кайрылыш керек? Билишпейт. Катардагы жарандардын бары эле аларды үй-жайына каттата беришпейт экен?! Ал эми мыйзамда бул маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнгө салыш керек, - деп көрсөтүлгөн, - дейт  Атыр Абдырахматова балдар үйлөрүндөгү балдардын укуктары тууралуу түшүндүрмө берип.

"Эгемендик алган 26 жыл ичинде балдар үйүнөн тарбияланып чыккан бир дагы балага мамлекет тарабынан көп кабаттуу үйлөрдөн батир бөлүнүп берилген эмес. Бирок, бүгүн мен сүйүнчү жарыялагым келип турат. Ош шаарынын мэриясы ушундай жакшы саамалыктын баштоочусу болуп олтурат. Ошондой балдар үйүнөн чыккан бир азаматыбызды үйлүү кылып, ага заманбап 2 бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырды. Муну башка шаар мэрлери менен акимдер, губернаторлор дагы улантып кетиши керек",- дейт “Биздин добуш” коомдук фондусунун директору Айнура Ормонова “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.      

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү кабылган дагы бир кыйынчылык – бул медициналык жактан жетиштүү жардам ала албагандыгында. Бул көрүнүштүн айрым бир учурларын атаган “Биздин добуш” коомдук фондунун директору Айнура Ормонованын айтымында, жанын коёрго жер таппаган дартка чалдыкса да врачтарга көрүнө албай жүргөн балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү бар. Алардын алды 36 жашка чыкса да акчасы жоктугунан дартын өтүштүрүп алышкан.   

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү окууларын улантышса, ошол окуп жаткан окуу жайлардын жатаканаларында жашайт. Ал эми окуудан жолу болбой, иштөө шартын тандагандар үй-жайга зар болуп келишет. Бул маселени чечүүдө мамлекеттик колдоо болуш керек. Мындай маселе 18-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары угулган болчу. Аны менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары Жылдыз Полотова тааныштырган. Андагы айтылгандарга караганда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүсү катары турак-жай алуу кезегинде 457 киши турат.

     

Жогогорку Кеңештин Басма соз кызматы            

Көрүүлөрдүн саны : 99

Окшош жаңылыктар