Бүгүн, 12- декабрь - Улуттук адабияттын күнү

12-12-2017 18:29

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өз мекендештерине Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата кайрылуу жолдоду. “Парламент” радиосу аркылуу да Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын көркөм окуп берген Төрага Дастанбек Жумабековдун үнү кыргыз радиосу  уюштурган эл аралык радиофестивалда жаңырды.

Ушул эле 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө арналган “Парламент” радиосунун атайын чыгарылышына “Арашан” фольклордук ансамблинин өкүлдөрү Бактыгүл Бокоева, Анара Шаимкулова жана Улук Эркалиев келишип, Чыңгыз Айтматовдун аңгемелеринен көркөм окуп, Алыкул Осмоновдун сөздөрүнө жазылган обондуу чыгармалардан аткарып беришти.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 227

Окшош жаңылыктар