Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабеков өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикеринин орун басары Нариман Умаров менен жолугушту

07-12-2017 16:08

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 7-декабрда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикеринин орун басары Нариман Умаровду кабыл алды.

Жылуу маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуунун учурдагы маселелери менен келечеги талкууланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки жактуу кызматташуулар күндөн-күнгө жанданып баштаганын белгиледи. Дастанбек Жумабековдун билдиришинче, Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү артыкчылык катары кыргыз тарап Өзбекстан менен кызматташуусуна, достугуна жана жакшы ниеттеги коңшулук мамилесине өзгөчө маани берет. “Эки мамлекеттин ортосундагы кабыл алынган саясый чечимдер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жемиштүү байланыштарды мындан ары дагы ыкчамдатууга жасалган кадамдардын бири болуп саналат”,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Өз кезегинде өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикеринин орун басары Нариман Умаров өзбек тарап дагы эки өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө өзгөчө маани берерин жана эки жакка тең пайда келтирүүнүн негизинде бардык багыттарда кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын делегациясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) отурумуна биринчи жолу ардактуу конок катары катышып жатканын кыргыз тарап кубаттай турганын билдирди. “Эки элдин кызыкчылыгына багытталган эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуу менен тыгыз өнөктөштүк өнүгөөрүнө жана бекемделерине ишенебиз”,- дейт ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн арасындагы соода-экономикалык кызматташтык, анын ичинде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана инвестициялык долбоорлорду кеңейтүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чарага кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев, Өзбекстан Республикасы менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык достук тобунун жетекчиси Алмасбек Акматов, ошондой эле өзбек тараптан Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Илим, билим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөсү Икболжон Мирзаалиев, Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Маалымат жана коммуникациялык технологиялар боюнча комитетинин мүчөсү Шухрат Шарафутдинов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов катышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 185

Окшош жаңылыктар