Төрага Д.Жумабеков Венгрия Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын орун басары Иштван Якоб менен парламенттер аралык өнөктөштүк маселесин талкуулады

07-12-2017 14:00

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Венгрия Мамлекеттик Жыйынын төрагасынын орун басары Иштван Якобду кабыл алды.

Тараптар эки өлкө кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, тыгыз өнөктөштүк аркылуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы ар тараптуу алакаларды арттыруу тууралуу баарлашты.  

ТүркПАнын 7-пленардык жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн келген венгрия делегациясына ыраазычылык билдирген Жогорку Кеңеш Төрагасы тараптардын жемиштүү алакасы кеңейе турганынан үмүт артарын кошумчалады. “Бардык багыттагы жигердүү кызматташтык Кыргызстан менен Венгриянын өнүгүшү үчүн  өтө маанилүү”, – деди Дастанбек Жумабеков.  

Өз кезегинде Венгрия Мамлекеттик Жыйынын төрагасынын орун басары Иштван Якоб ТүрПАнын жыйынына байкоочу катары чакырылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип: “Венгрия Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөшү катары билет жана биздин мамлекеттер аралык байланыштарыбыз тереңдерине ишенем”, – деди.

Андан тышкары, жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык өнөктөштүк жана бул жаатта тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да сүйлөшүштү. Тагыраагы, парламенттик достук топторунун биргелешип иш алып баруусун гана эмес, тармактык комитеттердин деңгээлиндеги алакаларды да арттыруу зарылчылыгы айтылды.  

Ошондой эле экономика, айыл-чарба жана билим берүү багыттарында да тыгыш иш алып баруу маселелери талкууланды.   

Айрыкча, Жогорку Кеңеш Төрагасы Кыргызстан менен Венгриянын экономикалык байланыштарын арттыруу зарылчылыгына басым жасап, эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусу менен форум өткөрүү керектигин да кошумчалады.  

Жолугушуунун соңунда Иштван Якоб Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Венгрияга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев, Венгрия менен кызматташтык боюнча достук тобунун жетекчисинин орун басары Мурадыл Мадеминов жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андраш Барани катышты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 411

Окшош жаңылыктар