Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 7-декабрда өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

07-12-2017 12:20

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,3-окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Сурабалдиева Э.Ж., Джураев С.М., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Назаров А.К., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Ж., Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Жутанов А.Т., Токторов А.С.);

- “2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.10.17деги № 688 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.10.17деги № 677 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.11.17деги № 752 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган “Ачык маалыматтар боюнча иш-аракеттер планы» долбоорун ишке ашырууга карата, Грант TFSCB № 0А5660, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.11.17деги № 753 токтом);

- “2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.17деги № 778 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.11.17деги № 770 токтом);

- “Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.11.17деги № 728 токтом);

- “2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 520 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 01.11.17деги № 725 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.10.17деги № 687 токтом);

- “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.09.17деги № 583 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 129

Окшош жаңылыктар