ЖАҢЫЛЫКТАР 07.12.17.

07-12-2017 08:53

Бүгүн, Жогорку Кеңеш 7-декабрдагы жыйынынын түштөн кийинки бөлүгүндө  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу жөнүндө  “Өкмөттүк күн” өткөрөт. Ал эми ага чейин “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. Анда Коопсуздук кеңешинин курамына КР Президентинин Аппарат жетекчисин кошуу тууралуу сөз болот.  Мыйзам долбоорун депутаттар тобу сунушташууда. Ошондой эле бул жолку парламент жыйында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору дагы талкууланат.

Жогорку Кеӊеш кечээки олтурумунда Премьер-министр тарабынан биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Ал бул орунга келүү менен эми отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескейт. «Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», - деди өкмөт башчы дагы. Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аскарбек Шадиевди аткаруу бийлигиндеги жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

                             СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Ал эми Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да кыргыз парламенти менен биргелешип иш алып барууга убада берди.

                            СНХ.А.ШАДИЕВ

Парламент курамында жаңы толуктоо болуп, Республика-Ата-Журт фракциясынын тизмеси боюнча шайланып келген депутат Закир Шарапов ошол эле парламенттин кечээки жыйынында салтанаттуу түрдө ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүн расмий аткарууга киришти.

                           СНХ.З.ШАРАПОВ

Депутат Айнуру Алтыбаева онкологиялык тармакта 2010-жылдын оор болгондугун белгилеп, айрыкча донорлук кылган институт каржылаган акчаларын кайра эле өз адистерине маяна катары төлөп берүүнү улантып жаткандыгын парламенттин кечээки жыйынында сынга алды.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Алтынай Өмүрбекова парламенттин кечээки жыйынында өзүнүн вице-спикерлик кызмат ордун өз ыктыяры менен өткөрүп бергендигин билдирди.

                          СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо гана туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад: -1...+4, Баткен, Нарын: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Талас: 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 2...4 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 21

Окшош жаңылыктар