ЖАҢЫЛЫКТАР 06.12.17.

06-12-2017 08:34

Кечээ, 5-декабрда Төрага Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жанжандыруу жаатында пикир алышты. Дастанбек Жумабеков бул жолугушуу кыргыз-өзбек байланыштарын бекемдөө боюнча жакындан пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. «Кыргызстан Өзбекстан менен өз ара ишенимге жана кызыкчылыктарды сыйлоого негизделген өнөктөштүк мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бөлөт. Азыр бизде жүзөгө ашырыла турган мүмкүнчүлүктөр өтө арбын», - деди ал. Төрага Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин мамлекеттик сапарларынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар менен кол коюлган документтер эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди жаӊы деӊгээлге чыгарганын, эки өлкөнүн президенти товар жүгүртүү көлөмүн 500 млн. долларга чейин көтөрүү тапшырмасын койгонун айтты. Ал жакынкы күндөрү өзбек парламентинин делегациясы ТүркПАнын Бишкек шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн келерин эске салды. Ал эми элчи Комил Рашидов Төрагага жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан да эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташтык мамилелердин жанданышына кызыкдар экенин айтты.

Ошол эле кечээ, 5-декабрда Төрага Дастанбек Жумабеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди да кабыл алды. Жолугушууда Төрага  кыргыз-азербайжан кызматташтыгына токтолуп, эки тараптуу алакалардын бардык артыкчылыктуу багыттары жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. “Ушул жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында өтө турган ТүркПАнын пленардык жыйынына Улуттук Межлис Төрагасы Октай Асадов баштаган Азербайжан парламенттик делегациясынын катышуусун кыргыз тарап кубаныч менен кабыл алат”, – дейт ал. Ошондой эле спикердин билдиришинче, эки өлкөнүн экономикалык алакасын чарбалык субъектилердин жана ишкерлердин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын алкагында өнүктүрүүгө болот. “Биздин өлкө инвестициялык багытта да кызматташууга кызыкдар", -деген Дастан Жумабеков Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлордун ишине бардык шартттарды түзүү менен алардын мыйзамдуу иш алып барышын камсыздаарын жана колдоого алаарын баса белгиледи. Өз кезегинде элчи Гидаят Оруджев убакыт бөлүп кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, Азербайжан тараптын да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

Ушул жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын жетинчи пленардык жыйыны өтөт. Аталган иш-чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент Төрагалары жана байкоочу катары Венгрия парламентинин вице-спикери катышат. Андан тышкары, ТүркПА тарыхында алгач ирет ардактуу конок катары Өзбекстан Жогорку Жыйынындагы мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары баштаган делегациясы да келери күтүлүүдө. Ошондой эле Түркмөнстандын парламенттик делегациясы да ардактуу конок катары чакырылган. Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү мерчемделген. Жыйында Ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен Декларация кабыл алынат. Белгилүү болгондой, кийинки ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиевдин  КР биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлигин жактырды. Ал ушул тапта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат. Энергетика тармагында да тажрыйбасы мол.  Бул жагын комитет жыйынында Премьер-министр Сапар Исаков белгиледи. Эгер Аскарбек Шадиев бул кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул чөйрөнү жакшы билерин, тажрыйбалуу кадрлардын бири экенин Премьер-министр өз сөзүндө белгиледи.

                          СНХ.С.ИСАКОВ

Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдоо менен бирге, келечекте биринчи вице-премьер-министрдин эмгек акыны кайдан ала турганын, парламентте добуш берүү укугу сакталып калса, жалпы жыйындын кворумуна кандай таасир эте турганын тактап коюу зарылдыгын депутат Искак Масалиев белгиледи.

                            СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чыгарган корутундусуна таянып, Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 6-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына Аскарбек Алимбаевич Шадиевди дайындоого жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунушун карайт. Ошондой эле бүгүн Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Закир Эшматович Шараповдун ант берүүсү болот.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет кечээ, 5-декабрда КР Транспорт жана жолдор министрлигинде көчмө жыйын өткөрдү. Алгач депутаттар курулуп жаткан жана курулушу бүткөн жолдордун сапатын текшерүүчү көчмө лаборатория менен таанышып чыгышты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, автомобилдик жолдорду диагностикалоо жана паспорттоштуруу үчүн атайын адистештирилген лабораториясы бар унаа сатылып алынгандыгын айтты. Ошондой эле Жамшитбек Калилов “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, 1-фазанын алкагында аталган чоң жолдун 60%ына асфальт төшөлүп бүткөн. Ал эми Кок-Арт ашуусундагы туннель казуу иштери белгиленген мөөнөттөн кечигүү менен жүргүзүлүүдө. Себеби тоону тешүүдө ар кандай тоо тектери чыгып, күтүлбөгөн кыйынчылыктар пайда болуп, иш аргасыздан создугуп жатат. Учурда 3,7 чакырымды түзө турган туннелдин 1 чакырымдан ашууну казылды.

Мыйзам жазуу демилгесинин 70%ы өкмөткө таандык болуп, Жогорку Кеңеш болсо көзөмөлдүк функциясын жогорулатса,- деген пикирин билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова фракция секретариаттарынын ролун жогорулатуу жагдайларын атады. Ошондой эле ар бир мыйзам аналитикалык анализден өтсө,- дейт.

                           СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Карамат Орозова мектеп бүтүрүүчүлөрү 110 балл менен аяктап, келишимдик негизде жогорку окуу жайларында окуп жаткандыгын тармактык комитетте белгиледи. Ошондой эле ал,- “Эң көп каражат Билим берүү тармагы менен саламаттык сактоо чөйрөсүнө бөлүнүп жаткан соң, андагы иштеген адистерден сапатты дагы талап кыла билели”, - дейт.

                           СНХ.К.ОРОЗОВА

2014-2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программасынын алкагында Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмү менен сотунда балдарга аяр мамиле жасоого арналган атайын бөлмөлөр ачылууда. Иш-чаранын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо катышты. Депутат Ирина Карамушкина балдар үчүн натыйжалуу сот адилеттигин өнүктүрүү парламент менен өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Балдар административдик жана жарандык жол-жоболордо юридикалык консультациялар жана акысыз юридикалык жардам аркылуу сот адилеттигине жете алышат. “Милицияда жана сотто балдарга жылуу жана аяр мамиле жасаган жол-жоболорду түзүү үчүн эл аралык стандарттарды сактоо зарыл”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. “Бардык жол-жоболор, иликтөөлөр, маектешүүлөр жана соттук угуулар ар бир баланын кызыкчылыктарына шайкеш жүрүшү керек”, - деп кошумчалады ал. Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарга кандайдыр бир басмырлоосуз сот адилеттигине жеткиликтүүлүк камсыздалса, алардын мамлекеттик жана тартип коргоо органдарына болгон ишеними жогорулай турганын белгиледи. «Алар акыйкаттыкты диний же экстремисттик идеологиядан издебей калышат жана мамлекеттик мекемелер менен мамлекеттик аткаминерлердин жардамына ишенишет”, - дейт ал.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                 ТАСМА   

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы  Чүй, Ош, Жалал-Абад:0...-5 Талас:-2...-7, Баткен,Нарын:-3...+2, Ысык-Көл -1...+4 градуска чейин жылуу болот. Бишкек  шаарында бүгүн, 6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  0...-2 градус суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 22

Окшош жаңылыктар