ЖАҢЫЛЫКТАР 05.12.17.

05-12-2017 08:58

Ушул жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын жетинчи пленардык жыйыны өтөт. Аталган иш-чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент Төрагалары жана байкоочу катары Венгрия парламентинин вице-спикери катышат. Андан тышкары, ТүркПА тарыхында алгач ирет ардактуу конок катары Өзбекстан Жогорку Жыйынындагы мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары баштаган делегациясы да келери күтүлүүдө. Ошондой эле Түркмөнстандын парламенттик делегациясы да ардактуу конок катары чакырылган. Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү мерчемделген. Жыйында Ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө жана парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган маселелер талкууланып, биргелешкен Декларация кабыл алынат. Белгилүү болгондой, кийинки ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен жаӊы мектеп куруу тууралуу эки тараптуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.

Буга чейин Ош шаарында Казакстандын каражатына ушундай эле мектеп курулганын эске салган депутат Улан Примов имараттын курулуш сапатына өзгөчө көңүл бурулуш керектигин эскертти.

                      СНХ.У.ПРИМОВ

«Биз мектептердин курулуш сапатына өзгөчө көӊүл бурушубуз керек. Көптөгөн имараттардын сапаты өтө начар. Ошондон улам, Билим берүү жана илим министрлиги мурда ишенимден чыккан курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзбөсө болбойт», - деди ушул эле теманы уланткан депутат Айнуру Алтыбаева дагы.

                       СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Кыргызстанда жалпысынан өткөн кылымдын 90-жылдарында 1 млн 900 миң гектар сугат жери болсо, азыркы тапта алардын эсеби 1 млн 200 миң гана гектарды түзөт. Мындай көрсөткүчтөрдү атаган депутат Тынчтык Шайназаров республика аймагындагы 400дөн ашуун айыл өкмөт башчыларынын кесипкөй дараметин дагы талдап көрүү зарылчылыктарына токтолду.

                      СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                               ТАСМА     

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:0...-5, Талас,Нарын: -1...-6 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад,Баткен: -4...+1, Ысык-Көл:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек  шаарында бүгүн, 5-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -2...-4 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 394

Окшош жаңылыктар