Жогорку Кеңештин Төрагасы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каржылык жардам көрсөттү

04-12-2017 17:00

Бүгүн, 4-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алды.

Жолугушууда алардын суроо-талаптарын уккан Төрага Дастанбек Жумабеков: “Сиздер менен 3-декабрь майыптар күнүнүн алкагында жолугушуп, баарлашып отурганыма кубанычтамын. Анткени, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу маселелери дайыма Жогорку Кеңештин көңүл борборунда”, – деди.

Ошондой эле, майып адамдар да коомдун бир мүчөсү экенин белгилеген парламент Төрагасы: “Бул дагы силерге берилген чоң сыноо. Бирок ошого карабай,  кайраттуулук менен алдыга кадам шилтеп жатканыңар эле мактоого татырлык. Айрыкча, силердин араңарда ар кайсы тармактар боюнча ийгилик жаратып, спорттук иш-чараларда алдыңкы байгелерди багынткандар арбын”, – деди. Буга мисал катары жолугушууга келген айрым жарандар менен спорт аянттарында бирге машыгып жүргөнүн айтып берди.

Андан тышкары, парламентте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга багытталган бир катар иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган Дастанбек Жумабеков: “Эгер кайсы бир маселеде укуктарыңар тепселенип же мыйзамдар тууралуу толугу менен маалыматка ээ болбосоңуздар, бизге кайрылыңыздар. Ар бир кайрылууга жооп берип, укуктарыңыздардын сакталышына жардам беребиз”, – деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төрага саламаттыгынан жабыркаган жарандардын электр энергиясынан жеңилдик берүү, көмүр-отун менен камсыздоо, жөлөк пулдарын көбөйтүү, татыктуу медициналык жардам алуусуна көмөк көрсөтүү сыяктуу бир катар социалдык маселелерин угуп, айтылгандардын баары эске алынарын кошумчалады. 

Жолугушууга келгендер Дастанбек Жумабековдун жылуу кабыл алганына терең ыраазычылык билдиришти. Алсак, “Үмүт шамы” кайрымдуулук фондунун лидери Бакытбек Джаманов: “Биздин фонд ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, анын ичинен майып балдардын укугун коргоп, аларга ар тараптуу жардам берип келет. Бүгүн, Төрага кабыл алып, көйгөйлөрүбүздү уккандыгы  үчүн абдан ыраазы болдук”, – деди.

Ал эми бир жылдан бери Жогорку Кеңештин Төрагасына кат жазып, бирок жооп ала албай келген Гүлнара Сыдыкбекова мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жатканын айтып: “Төрага Дастанбек Жумабеков кайрылуумду тез арада карап жооп берерине ишенген эмесмин. Аз болсо да жардам берип, бизге көңүл бурганы анын адамгерчилиген кабар берет. Бул сыяктуу жолугушуудан соң бизде күч-кубат, мамлекетке болгон ишенич пайда болду”, – деп кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда Дастанбек Жумабеков өздүк фондунун эсебинен келгендердин ар бирине акчалай жардам көрсөттү. Эске салсак, бул үчүн Төраганын жеке резервдик фондунан 865 миң сом бөлүнгөн.

 

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1386

Окшош жаңылыктар