ЖАҢЫЛЫКТАР 04.12.17.

04-12-2017 09:10

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети ”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын салык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт.  Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да аталган тармактык комитеттин жыйынынын күн тартибине киргизилген.

Дүйнө жүзүндө эң чоң байлык бул эл экенин аңдап-түшүнө баштаган өлкөлөр жарандарына ар тараптуу кам көрө баштады. Ал эми Кыргызстанда адам ресурсуна кандай мамиле жасалууда. Мындай маселени көтөрүп чыккан депутат Осмонбек Артыкбаев адам ресурстарын өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө багыттап жатабызбы деген суроо койду.

                                  СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Бүгүнкү күндө жүрөк тешикчеси менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Балдар дарты менен кыйналса, баласынын дарты менен кыйналган ата-энелер бир топ. Депутат Сайдолимжан Жураев Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча мындай балдарды аныктап, аларга операция жасоо чыгымдарын эсептеп чыгып, тиешелүү каражатты мамлекет табышы керек деген пикири менен бөлүштү.

                                  СНХ.С.ЖУРАЕВ

Жалпы эле республика боюнча балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатканы жакшы. Бул тууралуу депутат  Альфия Самигулина Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүп, - “Анткен менен борбор калаанын өзүндө нормалдуу бир төрөт үйү жок. Заманбап, бардык шарты эске алынган төрөт үйү зарыл. Мындай төрөт үйлөрү Бишкекте эле эмес, республиканын башка шаарларына дагы курулса”,- дейт.

                                СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Бүгүн, 4-декабрь Манас күнү. Ал эми келерки жылы белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленет. Бирок бул багыттта жасала турган иштер солгундап жаткандыгын депутат Рыскелди Момбеков көтөрүп чыкты.

                               СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Депутат Адыл Жунус уулу дагы манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу максатында борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу, анын айкелин тургузууга жер бөлүү маселесин көтөргөн болчу. Бирок бул маселени КР Өкмөтү шаар мэриясына тапшырса, мэрия трансформация маселесине шылтап, жер бөлүү жагын кечеңдетип, маани берилбей жатыптыр.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                         ТАСМА     

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Автожолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Нарын: 0...-5; Талас:-1...-6, бийик тоолуу райондордо -9...-14 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -2...+3; Ысык-Көл:-3...+2 градуска чейин жылуу болот.  Бишкек  шаарында бүгүн, 4-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы -1…-3 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 390

Окшош жаңылыктар