ЖАҢЫЛЫКТАР 01.12.17.

01-12-2017 08:44

Бүгүн, 1-декабрда «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болот. Анда мамлекеттик мүлктү эффективдүү пайдалануу тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун маалыматтары угулат.  Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына мүчөлөрдү сунуштоо маселеси да каралмакчы. 

Жалпы калктын 67%ы көп аял алуучулукка каршы болсо, 21%ы гана макул экендигин статистикалык маалыматтар аркылуу ырастаган депутат Аида Касымалиева, -“Коомчулукта кеңири талкууланып жаткан белгилүү диний ишмер Чубак Жалиловдун экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсү өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө доо кетирет”,- дейт парламенттин кечээки жыйынында.

                         СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Ушул эле теманы уланткан депутат Элвира Сурабалдиева дагы Чубак Жалиловдун мындай билдирүүсү боюнча КР Акыйкатчысына, КР ИИМине жана Башкы Прокуратурасына расмий түрдө кайрылуу зарылдыгын атады.

                         СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Депутат Айсулуу Мамашева дагы бул маселеге расмий бийлик органдарынын эч кандай реакциясы байкалбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. Эл өкүлүнүн пикиринде, мындай көрүнүш диний жагдайдан эмес, материалдык жетишпөөчүлүктүн айынан болуп жатат.

                         СНХ.А.МАМАШЕВА

Мектеп, бала бакча, социалдык үйлөр жана башка курулуштар жүрүп, алар электр кубаты менен камсыздалып жатканы жакшы.  Бирок, дотациядагы айылдарга электр кубаты боюнча лимит берүү жагы каралса,- дейт депутат Карамат Орозова.

                         СНХ.К.ОРОЗОВА

Элеттеги маданият үйлөрүнүн абалы боюнча маселе көтөргөн депутат Айнура Осмонова, -“Маданият, маалымат жана туризм министрлиги айылдардагы маданият үйлөрүн инвентаризациялоо иштерин жүргүзүп жатабы?” - деген суроону Өкмөткө жолдоду.

                        СНХ.А.ОСМОНОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                ТАСМА                

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жана кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 1...6; Талас,Ысык-Көл: 0...5; Ош, Жалал-Абад, Баткен:2...7 градус жылуу болот. Нарын: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Бийик тоолуу райондордо -8...-13 градус суук болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 1-декабрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы  4…6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 396

Окшош жаңылыктар