Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 30-ноябрында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

30-11-2017 15:03

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуулардагы мыйзам долбоорлоруна добуш берилди.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.09.17деги № 614 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17деги № 622 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17деги № 621 токтом);

- “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.04.17деги № 240 токтом);

- “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Осмонова А.Ш., Зулпукаров Т.З., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жеенчороев М.К. Мавлянова М.Э., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Жумалиев К.М., Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек, Конушбаев Т.К., Сыдыков Б.У., Ормонов У.З., Алимбеков Н.К., Эргешов А.М., Момбеков Р.Ч.);

- “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 718 токтом);

- “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К.);

- “2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.10.17деги № 655 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.06.17деги № 372 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)

- “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Сурабалдиева Э.Ж., Джураев С.М., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Назаров А.К., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Ж., Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Жутанов А.Т., Токторов А.С.);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.10.17деги № 688 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.10.17деги № 677 токтом);

- “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.07.17деги № 425 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.09.17деги № 575 токтом);

- “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 692 токтом);

- “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 562 токтом);

- “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 562 токтом);

- “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.09.17деги № 581 токтом);

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.09.17деги № 624 токтом).

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КАБЫЛ АЛЫНГАН ТОКТОМУ:

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Зулпукаров Т.З., Рыспаев К.Ж., Примов У.Б., Артыкбаев О.М., Шайназаров Т.У., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Баатырбеков А.Б., Сулейманов Б.И., Токторов А.С., Бокоев К.С., Казакбаев Р.А., Бакиров М.И., Жамангулов А.Ж.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 381

Окшош жаңылыктар