ЖАҢЫЛЫКТАР 30.11.17.

30-11-2017 09:13

Жогорку Кеңеш бүгүн, 30-ноябрдагы олтурумунда адаттагыдай эле адеп “Ар кандай маселелер” саатына орун берет. Андан соң “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талдайт.  “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына да кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө көңүл бурулат.  “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору болсо үчүнчү окууга чыгат.

Жогорку Кеңеш кечээ, 29-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карады. Талкууда депутат Алмамбет Шыкмаматов, - мыйзамдардын буйлалаган төө экендигин белгилеп, айрым бир мыйзамдардын аткарылбай жаткандыгын айтып, популисттик маанайдан реалисттик кадамга барышыбыз керек,- деген чакырык жасады.

                        СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Депутат Чыныбай        Турсунбеков сырттан ташылып келип жаткан уюлдук телефондордун чек арадан өтүшүнөн тартып, рынокко келип түшүүсүнө чейин кылдат көзөмөл керектигин билдирди.

                        СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 1 миллионго чамалап калгандыгын белгилеген депутат Жыргалбек Калмаматов, - келерки жылдардын бюджетине каралган 34 млн сом алардын укугун коргоого жетип-жетпесине кызыгып, чет өлкөлөрдөгү боордоштордун маселесине өкмөттүн көңүлүн бурду.

                       СНХ.Ж.КАЛМАМАТОВ

Депутат Зиядин Жамалдинов темир жол вагондорунун жетишсиздигинен көмүр, цемент, кум, шагыл жана башкалар экспортко чыкпай жатканына токтолду.

                      СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Айыл жерлеринде жумуш орундарын түзөбүз деген ишкерлерге Кыргыз-орус фондунан каражат алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү, жеңилдиктерди кароо керектигин депутат Алмазбек Эргешов сунуш кылды.

                       СНХ.А.ЭРГЕШОВ  

Айрым бир чет мамлекеттерде элдик инспекторлор иштей тургандыгын билдирип, депутат Зарылбек Рысалиев коопсуз шаар долбоорунун алкагында аткарылуучу бир топ жаңы сунуштарды санап берди.

                      СНХ.З.РЫСАЛИЕВ  

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                            ТАСМА       

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Баткен: 3...8, Талас, Ысык-Көл: 2...7, Ош, Жалал-Абад: 4...9,  Нарын: 0...5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30-ноябрда ала булут каптап турат. Жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы 5...7 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 398

Окшош жаңылыктар