ЖАҢЫЛЫКТАР 29.11.17.

29-11-2017 08:42

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш  “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы экинчи окууда талкууланат. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын түзөтүүлөрү дагы бүгүнкү жыйындын кароосуна чыгат.  

Саламаттык сактоо тармагындагы эмгек кодексинин бузулушу, кадр саясаты, дары-дармектерди сатып алуудагы маселелер, жарандарды сапаттуу медициналык жактан тейлөөдөгү актуалдуу көйгөйлөр кечээ, 28-ноябрдагы  эл өкүлдөрүнүн жумушчу тобунун көчмө жыйынынын алкагында териштирилди. Жумушчу топтун курамында  ЖК депутатары Аида Исмаилова, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, эксперттер, эсеп палатасынын, ИИМдин, экотехинспекциянын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Жарандардын парламентке бир катар арыздар менен кайрылып  жаткандыгын депутат Аида Исмаилова маалымдап, бул багытта тактоо иштеринин зарылдыгын белгиледи.

Бажы биримдигиндеги мамлекеттер үчүн Бажы кодекси өз ара соода алакаларын жакшыртууну жогорулатат. Транзиттик потенциалды чыңдап, электрондук карым-катнаштарды дагы жолго салат. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө Бажы кодекси өз таасирин тийгизе алабы? Бул суроого депутат Аскар Шадиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кайрылды.

                          СНХ.А.ШАДИЕВ

Кыргызстанда кургак учук дартынын көрсөткүчтөрү жылдан-жылга төмөндөп жатат. Бул илдеттин алдын алуу  аракеттерине байланыштуу. Дарыгерлердин түйшүктүү иши дал кургак учукка каршы ооруканадарда иштегендерде өзгөчө байкалат. Андыктан, алардын айлык акыларына жок дегенде 10%дык төтлөмдөр кошулса жакшы болмок,- дейт депутат Альфия Самигуллина Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында.

                         СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалгандай, кылмыштарды электрондук эсепке алууга 7 миллион сом сарпталат. Ал каражатка «Кылмыштардын эсебин автоматташтыруу китепчесин» жакшыртуу үчүн тиешелүү жабдуулар сатылып алат.

Тармактык комитеттин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев чарбалык субъектилер менен жарандардын ортосундагы каржылык келишпестиктерди чечүү жагы кандай болоруна кызыкты.

                         СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ 

Депутат Иса Өмүркулов айыл сататусун берүүчү калктуу конуштардын шартын карап, тыкыр иликтөө керектигин тармактык комитеттин олтурумунда айтып, ордо калаанын айланасындагы дачаларга айыл же калктуу конуш макамын берүү жагы кандай болорун тактады.

                       СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Эми эл аралык парламент институттарындагы жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                 ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй: 8...13, Талас: 6...11, Ош, Жалал-Абад, Баткен:8...13, Ысык-Көл:3...8, Нарын: 1...6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 10...12 градус жылуу болот.


 

Көрүүлөрдүн саны : 404

Окшош жаңылыктар