ЖАҢЫЛЫКТАР 28.11.17.

28-11-2017 09:12

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети  “Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Анда армияда кызмат өтөгөн уландардын тапшырган ЖРТ жыйынтыгынын жарактуулук мөөнөтүн узартуу тууралуу сөз болууда. Демилге депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаевге таандык.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин  транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети  «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилиги тарабынан ишкананы, ошондой эле аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды угат. Ошондой эле республиканын ички маршруттары боюнча жүргүзүлүп жаткан авиакаттамдардын билеттеринин тарифтери тууралуу маселе да өзүнчө каралат.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев 2018-жылдын бюджетин толтурууда өндүрүштү көтөрүү керектигин айтып, арзан жумушчу күчтөрүн колдонууга, электр энергиясын да төмөнкү баа менен алууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирди.

                            СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кечээки жыйынында "2026-жылы "Кумтөр" кени толук ишин токтотот",- деп билдирди. Ошондой эле ал "Кумтөрдүн" өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү 7-8 пайызды түзөрүн кошумчалады.

                            СНХ.Т.АБДЫГУЛОВ

Депутат Улан Примов өлкөнүн бюджети бир ишканадан түшө турган кирешеге көз каранды болуп калбашы керектигин айтып, өкмөттөн өлкөдөгү өндүрүш тармагын колго алууну суранды.

                           СНХ.У.ПРИМОВ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу жагы сунушталууда. Бул багытта даярдалган “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү туралуу мыйзам долбоору 1-окууда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кечээки жыйынында каралды. Демилгечи депутаттардын бири Осмонбек Артыкбаев мыйзам долбоору    тууралуу буларды билдирди.

                          СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Эл аралык парламент аренасында кандай жаңылыктар болуп жаткандыгына кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова кызыгып көрдү.

                                    ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 2...7, Ош, Жалал-Абад,Баткен: 6...11, Ысык-Көл: 1...6 градус жылуу болот. Нарын: -2...+3 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 5...7 градус жылуу болот.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 406

Окшош жаңылыктар