Айыл чарба кооперативдерин ирилештирүүгө конкреттүү артыкчылыктар каралышы зарыл

27-11-2017 15:02

Бүгүн, 27-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга) 2-окууда каралды.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген  айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору көрсөтүлгөн.

Талкууда депутат Абылкайыр Узакбаев мыйзам долбоорун колдоо менен бирге кооперативдерди көтөрүү үчүн конкреттүү артыкчылыктар көрүнбөй жатканын сынга алды. Мындай пикирди колдогон депутат Мирлан Бакиров республика аймагындагы кооперативдерди чакырып, атайын жыйын куруп, алардын дагы сунуш-пикирлерин угуу максатка ылайыктуу дейт.

Комитет төрагасы Айтмамат Назаров дагы кооперативдерге колдоо көрсөтүү зарылдыгына токтолуп, жеңилдетилген 6%дык насыя алуучулардын катарына кошуп, лизинг менен берилүүчү техникаларды дагы ушул кооперативдерге берүү жагын караштыруу керектигин белгиледи. Анын пикиринде, кооперативдерге берилген жерлер субижарага берилбеши керек.

Жыйынтыгында айрым жагдайлар боюнча өкмөт өкүлдөрү менен орток пикир табылгандан кийин, комитеттин сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1672

Окшош жаңылыктар